Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан көбүрөөк өлкөлөрдү Палестина мамлекетин таануу чечимин кабыл алууга чакырды.
“Палестина мамлекетин тааныйбыз деп билдирген бардык өлкөлөргө ыраазычылык айтам. Бул чечимди али кабыл ала элек өлкөлөрдү тез арада таанууга чакырам. БУУнун уставында белгиленгендей, уюмдун негизги максаты — эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо”, — деди ал.
Ал БУУнун 80 жылдыгы белгиленип жаткан учурда дүйнөнүн көп жерлеринде уставдын алгачкы сөздөрүнө көлөкө түшүргөн олуттуу окуялар болуп жатканын белгиледи.
“Газада геноцид биздин көз алдыбызда 700 күндөн ашуун убакыттан бери уланууда. Ал тургай, азырда биз бул жыйында отурганыбызда, Газада жай тургундар массалык түрдө өлтүрүлүп жатат. Газада каза болгон жай тургундардын саны 65 миңден ашты”, — деп белгиледи Эрдоган.
Түрк лидери БУУдагы талкууга катышкан өлкөлөрдү Израилдин бул аймактагы аракеттерине байланыштуу чындыктын жүзүн түшүнүүгө чакырды.
Анын айтымында Израил өкмөтү өзүнүн экспансионисттик саясаты менен региондук тынчтыкка жана адамзаттын жалпы жетишкендиктерине коркунуч жаратууда.
Ал Газада дароо ок атышууну токтотуу, кол салууларды басуу жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.
“Геноцидге жооптуу адамдар эл аралык укуктун негизинде жоопко тартылышы керек. Газадагы варварчылыкка каршы чыкпагандар бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшөт. Бүгүн — эзилген палестиналыктардын тарабында бекем турган күн келди”, — деп кошумчалады Эрдоган.