Интернетти эл аралык деңгээлде көзөмөлдөө кызматы NetBlocks Афганистандын аймагында интернет толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.
Уюмдун маалыматына караганда, үзгүлтүктөр 29-сентябрдын таңында башталып, акырындап бардык провайдердик тармактарды камтыды.
Өчүрүүнүн себеби «Талибан» бийлиги «адеп-ахлак нормаларын сактоо» кампаниясынын алкагында көргөн чараларынан улам болгон. Учурда телефон байланышында да үзгүлтүктөр катталууда.
Буга чейин, 18-сентябрда, кыймылдын лидери Хайбатулла Ахунзада берген көрсөтмө менен өлкөдөгү 34 провинциянын 11инде кең тилкелүү интернет өчүрүлгөн. Ал ошондой эле интернетке мүмкүнчүлүккө ээ боло турган жаңы компания түзүлүп, ал компания кызматты мамлекеттик мекемелерге жана дипломатиялык өкүлчүлүктөргө гана көрсөтүшү керектигин тапшырган.
Чектөөлөр Кабул аэропортунун ишине да таасир этти: өлкөнүн түндүк жана батыш провинцияларынан келген жүргүнчүлөр билеттерди онлайн ырастай албай, башка санариптик кызматтарды да колдоно алышкан жок.