Ооганстанда паранжасыз аялдарга ооруканаларга кирүүгө тыюу салынууда

Ооганстанда “Адептүүлүктү жайылтуу жана бузукулуктун алдын алуу” мыйзамынын аткарылышы “Талибан” кыймылынын бийликке келиши менен кескин күчөдү. Жаңы чара катары Гераттагы аталган башкармалык бул аймактагы аялдарды паранжа кийүүгө милдеттендирди. Берилген көрсөтмөгө ылайык, бардык аялдар коомдук жайларга чыкканда паранжа хижаб катары колдонууга тийиш.

Бул чара 5-ноябрда күчүнө кирди. Ал бүткүл Ооганстанга жайылабы же жокпу азырынча белгисиз.

Бул чечим аялдардын ар кандай тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн кескин чектеп, Гераттагы аялдардын нааразычылыгын жаратууда.

Айрым маалымат булактарынын билдиришинче, “Талибандын” мындай кадамы Гераттагы оорукана жана медициналык борборлоруна аялдардын паранжасыз кирүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Бир катар эл аралык уюмдар бул чечимге наалычылыгын билдирип, мындай чектөөлөр аялдардын укуктарын олуттуу түрдө чектей турганын белгилешүүдө. Бирок “Талибан” өз билдирүүлөрүндө алардын максаты “хижаб талаптарын сактоо” экенин айткан.

“Талибан” 2021-жылы бийликке келгенден бери талиптер аялдарды дээрлик толугу менен коомдук турмуштан четтетип, алардын иштөө жана билим алуу укуктарын кескин чектеп жатышат. 2024-жылдын августунда кыймыл аялдардын сырткы келбетине, жүрүм-турумуна жана кыймылына катуу чектөөлөрдү киргизген “адеп-ахлак мыйзамын” кабыл алган. Мыйзамга ылайык, аялдар коомдук жайларда жүзүн жана денесин толук жабууга милдеттүү. Аларга “көрүнгөн, тар же кыска” кийимдерди кийүүгө тыюу салынган.

Ооган аялдары, өзгөчө шаарларда жашагандар паранжа менен никабды өздөрүнүн маданиятына жат деп эсептешет. “Талибан” бийликке кайтып келгенге чейин көптөгөн аялдар чачын гана жаап, жоолук салынып жүрүшкөн.