Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (ШКУ РАТ) эл аралык конференциясы ачылды. Катышуучулар жарандардын радикалдык тармактарга аралашуусуна жол бербөө, киберкоопсуздук жана ШКУ РАТтын жаңы архитектурасы тууралуу талкуулашты.
Ташкентте бейшемби күнү ШКУ РАТтын XI эл аралык конференциясы өз ишин баштады.
Алгачкы жолу форум 10 жыл мурун тегерек стол катары уюштурулган. Бүгүн анда БУУнун, ЕККУнун, Интерполдун, КМШнын Антитеррордук борборунун, ЖККУнун антитеррордук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Быйылкы талкуу натыйжаларга эмес, себептерге басым жасады.
ШКУ РАТтын аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев журналисттерге:
«Биз буга чейин болгон терактыларга каршы аракеттерден көбүрөөк, аларга жол бербөө боюнча чараларды, айрыкча жаштардын террордук уюмдарга аралашып кетпөөсүн камсыз кылууну талкуулайбыз», — деди.
Пленардык сессияда ал радикалдашууну көбүнчө материалдык жетишсиздикти да, социалдык четтөөнү да башынан өткөрбөгөн адамдар тандап каларын айтты. Мисал катары ал Жума Намангани жана Усама бен Ладен сыяктуу террордук лидерлердин биографияларын келтирди.
«Чабуул коюучу вербовка»
Шаршеев Афганистанда жана Сирияда эл аралык террордук топтордун активдешкенин жана Борбор Азия өлкөлөрүндө «уктоочу ячейкаларды» түзүүгө болгон умтулуусун белгиледи.
«Эл аралык террордук уюмдардын жетекчилери Борбор Азия өлкөлөрүнө үчүнчү өлкөлөр аркылуу жасалма документтер менен согушкерлерди киргизип, терактыларды уюштуруу, „уктоочу ячейкаларды“ түзүү, финансылык каражаттарды тартуу жана жаңы рекруттарды жалдоо ишин жүргүзүү пландарынан баш тартышкан жок», — деди ал.
КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Евгений Сысоев да сөзгө чыгып, Жакынкы Чыгыштагы эл аралык террордук түзүмдөр согушкерлерди Афганистанга активдүү жөнөтүп, аймактагы таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, борбор азиялык диаспоралар арасында «чабуул коюучу вербовка» жүргүзүлүүдө. «Буга байланыштуу интернет-пропаганда тажик, кыргыз, өзбек жана мурда байкалбаган казак тилдеринде активдүү жүргүзүлүүдө», — деди ал.
Беларусь өкүлү Евгений Крастин чет элдик согушкерлер менен терроризмди колдоочулар анын өлкөсүн ЕБ жана Россияга өтүү үчүн транзиттик аймак катары колдонууга аракеттенип жатканын айтты.
«2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөктөш мамлекеттердин атайын кызматтары менен биргеликте 2000ден ашуун чет элдикке текшерүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда Беларуска кирүүгө жана чыгууга аракеттенген радикал исламисттерге таандык 13 адамга уруксат берилген жок», — деп белгиледи ал.
Кибермейкиндикти коргоо
Атайын кызматтардын өкүлдөрү жана эксперттер терроризмге кибермейкиндикте каршы туруу маселесин да талкуулашты. ШКУ мейкиндигинде бул багытта кызматташтык кеңейүүдө — тыюу салынган материалдарды бөгөттөөдөн баштап, экстремизмге шектелген колдонуучулар тууралуу маалымат алмашууга чейин. Бирок технологиялардын өнүгүү ылдамдыгы аларды айланып өтүү ыкмаларынын ылдамдыгына тең келери айтылды.
Кыргызстандын РАТтагы өкүлү Алтынбек Казканов:
«Террордук уюмдар жаңы шарттарга ыңгайлашып, кибермейкиндикти, финансылык жана миграциялык каналдарды активдүү колдонуп, интернет жана социалдык тармактар аркылуу жаштарды экстремисттик ишмердүүлүккө тартууда», — деди.
Адистердин айтымында, жасалма интеллектке негизделген платформалардын арзандашы террордук тармактарга ачык пропаганда гана эмес, жашыруун жана манипулятивдик контент түзүүгө да шарт түзүүдө. Ошондой эле криптовалюталардын экстремисттик топторду каржылоодогу үлүшү өсүп жатканын белгилешти.
РАТтын жаңы архитектурасы
Өсүп жаткан коркунучтарга практикалык жооп катары форумдун катышуулары Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздуктарына түзүлгөн чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруучу Универсалдык борборду түзүүнү аташты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев колдогон бул демилге сентябрдагы Тяньцзинь саммитинде расмий бекитилген.
Универсалдык борбордун алдында Казакстан сунуштаган ШКУнун Маалыматтык коопсуздук борбору түзүлөт. Мындан тышкары, Бишкекте транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбордук түзүмдү ачуу пландалууда.
Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин терроризмге каршы күрөш департаментинин орун басары Сюй Чуаньгун укук коргоо жана коопсуздук тармагында кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырды. Ал жаңыланган РАТ түзүмү иштей башташы үчүн укуктук документтерге өзгөртүүлөрдү тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз бардык тараптардын компетенттүү органдары жана аймактык өнүгүү институттары менен кызматташууга даярбыз. Айрыкча ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери жетишкен консенсусту, анын ичинде Универсалдык борборду жана анын бөлүмдөрүн түзүү боюнча талаптарды ишке ашыруу үчүн», — деди ал.
Форумда белгиленгендей, универсалдык борбордун түзүлүшү ШКУ өлкөлөрүнө глобалдык туруксуздук жана санариптик трансчекаралык коркунучтардын өсүшү шартында өз коопсуздук механизмдерин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.