Абу-Дабиде АКШ, Россия жана Украина Трамптын тынчтык планы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

АКШ армиясынын министри Дэн Дрисколл Financial Times басылмасынын булактары билдиргендей, Абу-Дабиде Орусиянын делегациясы жана Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов менен америкалык тынчтык планын талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүүдө.

Маалыматка караганда, Москва өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр 24-ноябр, дүйшөмбү күнү кечинде башталып, шейшембиде уланмак. Кремлден кимдер келгендиги так айтылган эмес. Буданов менен жолугушуу да шейшембиге пландалган. Үч тараптуу сүйлөшүү өтөр-өтпөсү азырынча белгисиз.

Дрисколл АКШ президенти Дональд Трамптын планын сунуштап жатат. Бул план Киев жана Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин 28 пункттан 19 пунктка чейин кыскартылган. Politico басылмасынын процессти билген эки булагынын айтымында, планга Донбассты Орусияга берүү жана башка сезимтал аймактык талаптар кирген пункттар алынган. Алардын айтымында, эң татаал маселелер Трамп менен Зеленскийдин жеке сүйлөшүүлөрүнө калтырылган. ABC News маалыматы боюнча, жаңы редакциядан украин армиясынын санын чектөө жана согуш маалында жасалган аракеттер үчүн амнистия берүү тууралуу жоболор да жокко чыгарылган.

Буга чейин The Washington Post булагы пландан Украинадагы согушту токтотууга түздөн-түз тиешеси жок америка-орус мамилелерине байланышкан пункттар алынганын билдирген. Маалыматка ылайык, Киев Украина өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк маселеси Альянстын өзү тарабынан — мүчө мамлекеттердин консенсусу менен — каралышын талап кылган. Ал эми пландын баштапкы версиясында Украинага блокко кирүүгө тыюу салууну юридикалык бекитүү каралган болчу.

Bloomberg жазгандай, жаңы редакциядан тоңдурулган орус активдеринен 100 млрд долларды Украинага калыбына келтирүү фондун түзүүгө бөлүү жана ал фондду америкалыктардын көзөмөлүндө кармоо тууралуу пункт да жок кылынган. Европалык аткаминерлер бул өзгөрүүнү оң баалашкан, анткени мурдагы вариант АКШга 50% киреше берүү жана пайдаланылбай калган каражаттарды америка-орус инвестициялык фондуна багыттоону камтыган.

Кремль жаңыланган 19 пункттан турган тынчтык планын азырынча көрө электигин билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада азырынча пландын алгачкы версиясы гана бар экенин, аны «америкалык сунуштун каралама варианты» деп атаганын айтты. Анын айтымында, бул долбоор «Анкоридж рухуна көп жагынан окшош», бирок Кремль текст олуттуу өзгөрүүлөргө учураганын түшүнөт жана расмий маалыматты күтүп жатат.