Гонконгдогу турак-жай комплексинде ири өрт чыкты: 36 адам каза болуп, 279 киши дайынсыз жоголду

Гонконгдогу турак-жай комплексинде күчтүү өрт чыгып, кеминде 36 адам каза болду, дагы 279 киши дайынсыз жоголгон деп билдирилди. Андан тышкары, дагы кеминде 29 адам жабыркады. Өрт комплекстеги сегиз 32 кабаттуу имараттын жетеөөнү камтып кеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өрттөн 36 адам каза болуп, 279 киши дайынсыз жоголгон. Дагы кеминде 29 адам жаракат алган, алардын жетөөнүн абалы оор.

Reuters агенттиги билдиргендей, күчтүү өрт бир нече көп кабаттуу турак үйдү камтып, кеминде 14 адам, анын ичинде бир өрт өчүрүүчү каза болгон. Дагы кеминде 15 адам жараат алды.

Өрт 26-ноябрда түшкө жуук Тай По районундагы «Ван Фук Корт» аттуу турак-жай комплексинде башталган жана бара-бара сегиз имараттын жетөөнү камтыган. Өрт кооптуулук деңгээли боюнча бешинчи — эң жогорку деңгээлге жетти.

Комплекстин аймагында дээрлик 2000 батир бар, аларда болжол менен 4600 адам жашайт. Кээ бир тургундар имараттардын ичинде камалып калган.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Комплексте ремонт иштери жүрүп жаткан жана имараттарды бамбуктан жасалган курулуш турактары курчап турган. BBC News белгилегендей, кадрларда өрттүн бамбук аркылуу абдан тез жайылып жатканы көрүнөт.

Окуя болгон жерде 700дөн ашык өрт өчүрүүчү жана медициналык кызматкер, 100дөй өрт өчүрүүчү машина жана 57 тез жардам унаасы иштеп жатат. Өрт азырынча локализациялана элек, себеби куткаруучулар имараттын жогорку кабаттарына жетүүдө кыйынчылыкка дуушар болууда.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Бул — Гонконгдогу акыркы 17 жылдан берки эң ири өрт. 2008-жылы Монг-Кок районундагы караоке-бар жана түнкү клуб өрттөнүп, төрт адам каза болуп, 55 адам жараат алганын South China Morning Post эске салат.

https://youtube.com/watch?v=XwdjiH-5vR0%3Ffeature%3Doembed