Эрдоган Тегеранга барат: Түркия Израилге каршы Ирандан колдоо издейт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келерки аптада Иранга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, визиттин алкагында Эрдоган Ирандын президенти жана Ислам революциясынын Жогорку лидери менен жолугары белгиленди.

Бул сапар аймактагы альянстар жана конфликттер кайрадан калыптанып жаткан жана Түркия чыңалган геосаясий динамикалардын чордонунда турган учурда пландалууда.

Эрдогандын Иранга сапары Израилдин Греция жана Кипр менен аскердик кызматташуусунун күчөшүнүн фонунда өткөнү жатат. Анкара муну Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркияны курчоого алуу жана басым көрсөтүү аракети катары баалады.

Жакында Иерусалимде өткөн саммитте Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Түркияга карата кескин билдирүүлөрдү жасап, Афины жана Никосия менен аскердик-дипломатиялык алакаларды мындан ары да бекемдөөгө ниетин көрсөткөн.

Саясат таануучулардын пикиринде, Эрдогандын Тегеранга сапарынын негизги максаттарынын бири — Израиль жана анын батыштагы өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ менен чыңалуу күчөп жаткан шартта Ирандан саясий жана стратегиялык колдоо издөө болуп саналат.

Акыркы күндөрү Түркиянын жогорку даражалуу аскер жетекчилери менен Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн сүйлөшүүлөр Анкара аймактык коопсуздук маселелери боюнча Тегеран менен тыгыз кызматташууга аракет кылышы мүмкүн деген күтүүлөрдү арттырды.

Түрк лидеринин мындай кадамы негизинен АКШнын бүгүн Сириядагы таасирин күчөтө баштаганы менен шартталууда. Анкара мурда өзү Жуланинин жетекчилиги алдында турган куралчан топтордун бийликке келишине түздөн-түз өбөлгө түзгөн. Ал эми азыр болсо ошол эле АКШнын колдоосу менен күрт күчтөрү биригүүгө аракет кылып, келечекте сокку урууга даярдык көрүп жатышат.

“Түркиянын иши начар жүрүп жатат, алар Сирияда кандай олуттуу жаңылыштык кетиргенин эми гана түшүнө баштады. Же Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер Сирияда жана андан мурда Иракта өздөрү жараткан апаатты Иранга оодарууга аракет кылып жатат. Эгер Тегеран кызматташууга макул болсо — бул жаман. Макул болбосо — да жаман. Менин оюмча, Иран Анкара менен бул багытта иштешпеши керек”,- деп ирандык эксперт Ирандын жана Түркиянын аскерлеринин жакында болгон жолугушуусуна комментарий берди.

Буга чейин Эрдоган Израилдин саясатын бир нече жолу сындап, Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган. Ал Израилди аймакты дестабилдештирип жатат деп айыптаган. Анкара Иран айланасындагы чыңалуунун күчөшү ири аскердик кагылышууга алып келиши мүмкүн экенин да эскерткен.

Андан тышкары, булактардын маалыматына караганда, акыркы апталарда Эрдоган Катар эмири менен Израиль–Иран жаңжалына байланыштуу телефон аркылуу бир нече ирет сүйлөшкөн. Бул Түркиянын татаалдашкан шартта аймактык дипломатиялык байланыштарды күчөтүүгө аракет кылып жатканын көрсөтөт.

Түрк лидери Израил өкмөтүнүн позициясын бир нече жолу сындап, муну аймактык тынчтыкка тоскоол деп атап, Газадагы туруксуздук менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын Түркиянын коопсуздугуна олуттуу кесепеттери бар экенин ырастаган.

Эксперттердин айтымында, Тегеранга сапар Израил менен анын союздаштарынын кысымы күчөп турган шартта стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү максат кылган Түркиянын тышкы саясатында маанилүү учур болушу мүмкүн.

Ирандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кырдаал кандай өнүгө турганын убакыт көрсөтөт, бирок Анкара жаңы аймактык коопсуздук тең салмактуулугун түзүүдө катышуучу гана болбостон, активдүү оюнчу болууга да умтулуп жатканы азыртадан эле белгилүү.