Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды өткөрүүдө

Машыгууларга эсминецтер, фрегаттар, истребителдер, бомбалоочу учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.

Кытай Тайвандын айланасында ири масштабдагы аскердик машыгууларды баштап, көз карандысыздыкка жетишүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы «олуттуу эскертүү» жасады.

Кытай Эл-азаттык армиясынын (КЭАА) Чыгыш аскердик округунун өкүлү, полковник Ши И билдиргендей, «Адилет миссиясы – 2025» аттуу машыгуулар Тайвань кысыгынын түндүк, түштүк-батыш, түштүк-чыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө өтүүдө.

Полковник Шинин айтымында, маневрлерге кургактагы аскерлердин, Аскер-аба күчтөрүнүн, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жана ракета аскерлеринин бөлүктөрү тартылган. Негизги басым абада жана деңизде күжүрмөн даярдыкты камсыз кылган патрулдоого, биргелешип толук үстөмдүккө жетүүгө, негизги портторду жана аймактарды бөгөттөөгө, ошондой эле арал чынжырынан тышкаркы мүмкүн болуучу кийлигишүүнү ар тараптуу кармоого жасалууда.

Машыгууларга эсминецтер, фрегаттар, истребителдер, бомбалоочу учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар катышууда. Узак аралыкка ракеталык атуу жүргүзүлүп, жер үстүндөгү буталарга шарттуу соккулар, ал эми деңиздеги буталарга чыныгы ок-дарылар менен соккулар урулууда.

Полковник Ши бул машыгуулар Тайвандын көз карандысыздыгын колдогон сепаратисттик күчтөр үчүн катуу эскертүү жана күчтүү кармоо фактору болорун баса белгиледи. Ал муну Кытайдын суверенитетин жана улуттук биримдигин коргоо үчүн мыйзамдуу жана зарыл чара деп мүнөздөдү.

Ошол эле учурда Фуцзянь провинциясынын жээк күзөт кызматы Тайвань аралынын айланасында укук тартибин камсыз кылуу боюнча комплекстүү патрулдоону баштаганын жарыялады.

Тайвань шашылыш чара көрүү боюнча машыгууларды баштаганын билдирди

Тайвандын Коргоо министрлиги  X социалдык тармагындагы баракчасында аралдын айланасындагы аскердик активдүүлүккө байланыштуу шашылыш чара көрүү боюнча машыгуулар башталганын маалымдады.

«Кытайдын ойлонулбаган провокацияларын чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Кытай армиясынын аракеттери аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка олуттуу зыян келтирет. Биздин куралдуу күчтөр толук күжүрмөн даярдыкта жана тайвань элин коргоого даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

КЭААнын машыгуулары 17-декабрда АКШ Тайванга жалпы суммасы болжол менен 11 миллиард долларды түзгөн курал-жарак сатууну жактыргандан көп өтпөй башталды. АКШ Конгресси бекиткенден кийин күчүнө кире турган бул келишим Тайвань тарыхындагы эң ири курал жеткирүү болот.

КЭАА Тайвандын айланасында ушуга окшош машыгууларды 2022-жылы — АКШ Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин аралга сапарынан кийин, 2023-жылы — Тайвандын ошол кездеги лидери Цай Инвэндин АКШга сапарларынан кийин, ошондой эле 2024-жылдын май жана октябрь айларында — Тайвандын жаңы лидери Лай Циндэнү инаугурациясынан жана анын Улуттук күндөгү биринчи сөзүнөн кийин өткөргөн. Ал машыгуулар «Бириккен кылыч» деп аталган.

Быйылкы жылы КЭАА 1–2-апрель күндөрү аралды курчоого алуу боюнча «Деңиз бороону – 2025/A» аттуу ири машыгууларды да өткөргөн.

Кытай–Тайвань жаңжалы

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кытайда Чан Кайшинин жетекчилигиндеги Гоминьдан күчтөрү менен Мао Цзэдун баштаган Кытай Коммунисттик партиясынын ортосунда жарандык согуш тутанган. Жеңишке жеткен коммунисттер 1949-жылдын 1-октябрында Кытай Эл Республикасын түзгөнүн жарыялашкан.

Жарандык согушта жеңилген Гоминьдан өкүлдөрү Тайванга көчүп барып, 1912-жылы негизделген «Кытай Республикасынын» бийлигин аралда улантарын билдирип, убактылуу өкмөт түзүшкөн.

Кытай Эл Республикасы Тайванды өз аймагынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. 1949-жылдан бери Тайвань иш жүзүндө өз алдынча башкарылып келет. Материктик Кытай менен Тайвандын ортосундагы бөлүнүү ушул күнгө чейин сакталууда.

Акыркы жылдары Пекин Тайванга аскердик басымды ырааттуу түрдө күчөтүп, аралды материк менен кайра бириктирүү үчүн күч колдонуу ыктымалдыгын четке какпай турганын бир нече ирет билдирип келет.