Иран Ислам Республикасынын БУУдагы элчиси жана туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Израил Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууну токтотушу керектигин билдирди.
Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды.
“Израиль режими 1974-жылы түзүлгөн Күчтөрдү бөлүү келишимин кошо алганда, эл аралык укукту сакташы керек жана Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууну токтотушу керек”, – деди Иравани.
Ал Жакынкы Чыгыштагы жана Сириядагы кырдаалга токтолуп, Израил режиминин Сирия аймактарын басып алуусу жана анын аскердик ишмердүүлүгү, анын ичинде оккупацияланган Сириянын Голан бийиктиктериндеги аракеттери аймактык туруктуулукка жана тынчтыкка түздөн-түз коркунуч келтирип жатканын белгиледи.
Элчи Иран Ислам Республикасы Сириянын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле бул өлкө жетектеген саясий процессти жана терроризмден, чет элдик оккупациядан жана тышкы кийлигишүүдөн эркин болгон туруктуу, бириккен жана коопсуз Сирияны колдоосун дагы бир жолу чечкиндүү түрдө улантарын кошумчалады.