Ульянов: Россия, Кытай жана Иран ядролук программа боюнча консультация өткөрдү

Россия, Кытай жана Ирандын туруктуу өкүлчүлүктөрү Ирандын ядролук программасына байланышкан маселелер боюнча консультацияларды өткөрүштү.

Бул тууралуу Россиянын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов билдирди.

“Кытайдын, Ирандын жана Россиянын туруктуу өкүлчүлүктөрү Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселелер боюнча үч тараптуу консультациялардын дагы бир айлампасын өткөрүштү”, – деп жазган Ульянов X социалдык медиа платформасында.

АКШ менен Ирандын делегацияларынын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр 6-февралда Омандын борбору Маскатта өткөн. Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Виткофф жетектеген. Бул жолугушуу 2025-жылдын июнь айында Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын күчөшүнөн улам узакка созулган тыныгуудан кийинки биринчи жолугушуу болду. Ал убакка чейин Ислам Республикасы менен Америка Кошмо Штаттары беш жолу консультация өткөрүшкөн.

Тараптар диалогду улантууга макулдашышкан, бирок алгач борбор калааларда консультацияларды өткөрүшөт.