Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев “Эки дос эң оболу элди ойлоп, кандай оор болсо да кепке келүүлөрү керектигин” белгиледи.

“Ток этерин айтканда, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевдин бийликке келиши менен өлкөбүздө негизинен жакшы иштер көп болду. Иштеген жерде кемчилдик болбой койбойт, баарына жагыш да кыйын, кээ бир бутага тийбей саякеткен жерлери да жок эмес. Мамлекеттин, элдин тагдыры, келечегибиз эки достун ич ара мамилеси менен өтмө катар байланышып калган кырдаал жаралды. Баса, АША менен Сокенин учурундагы окуялар да достуктун аянтчасында өнүгүп, аягы ажырым менен бүткөн. Өзү элдин тагдыры менен байланышкан чоң саясатта жана бийлик маселесин чечүүдө жеке адамдардын достук мамилеси менен мамлекеттик ишмердүүлүктү аралаштырбай, мыйзам талаасында эле жүргүзгөн оң экен.
Эки дос мынчалыкка жеткирбей, жабык эшик артында (Путин, Медведовдой болушуп) жол картасын чийип, кепке келишип алганда болмок экен… Демек, бир тилге келе алышкан эмес окшойт. Жараткандын буйругунда ушундай болуш керек экен, болду. Эми да кеч эмес, жаңы түзүлгөн жагдайга жараша, т.а. кызматтан алуу маселеси чечилип, Президент тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча Конституциялык сотко юридикалык тактык киргизүү боюнча кат жолдонуп, К.Ташиев жакынкы мезгилде журналисттер үчүн маалымат жыйынына камданып жаткан учурда кайрадан эки дос экинчи раунд сүйлөшүүгө барышы керек. Эгер сүйлөшө албай турган болсо, салт-нарк боюнча жети облус, эки шаардан эл ишенген, калыс аксакалдардан турган топ түзүлүп, бул маселени 3-калыс тараптын катышуусунда кеңешүү жолу менен чечүү керек болот. Болбосо тирешүү, соттошуу, компроматтардын согушу чатактын ырбашына алып барат”, – деп жазды.
Ошондой эле коомдук ишмер Жапаров менен Ташиев президенттик шайлоого бирдей барышы туура эмес болоорун белгилеген.
“Кулов айткандай “экөө тең шайлоого барсын” деген вариант таптакыр болбойт. Бизде катардагы эле шайлоолордун аягы революция менен бүтүп жүрөт. Ал жолго эч качан барбагыла! Элди бөлгөнүңөр аз келгенсип, мамлекеттүүлүккө доо кетиресиңер. Тарыхта экөөңөр тең жаманатты болосуңар. Андай ойдон кайтып, кайрадан сүйлөшүүлөрдү улантып, бир пикирге келүү аракетин жасагыла, кеңешип бириңерге жол бергиле.
Эки доско агалык кеңешим, азыркы дүйнөлүк деңгээлде туруктуулук жок мезгилде, туташ трубуленттүүлүк өкүм сүрүп турганда ички-сырткы душмандардын чырагына май тамызбай өзүңөрдү эле эмес, оболу элдин эртеңин ойлогула. Жараткан силерге сабырдуулук берип, улуу элдин урпагы экениңерди көрсөтүп, сүйлөшүү кандай оор болсо да кепке келгиле, баатырлар!” – дейт Кошалиев.
Булак: https://www.sayasat.kg/…/140631-kadyr-koshaliev-7-oblus…