Израилдин оппозиция өкүлү Яир Лапид АКШны Катарды касташ мамлекет деп жарыялоого чакырып, аны Израилге каршы ишмердүүлүк жүргүзүүдө жана америкалык университеттерде антисемитизмди жайылтууга айыптады.
Бул тууралуу Mignews басылмасы маалымдады.
АКШдагы алдыңкы жөөт уюмдарынын президенттеринин конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Яир Лапид Израилде Катарды касташ мамлекет деп таанууга багытталган мыйзам долбоорун демилгелегенин айтып, эми АКШ Конгрессин да ушундай кадамга барууга чакырды.
Саясатчынын айтымында, америкалык университеттердин кампустарындагы антисемитизмдин өсүшү Катар тарабынан көп жылдар бою жүргүзүлгөн каржылоонун натыйжасы болуп саналат. Ал ошондой эле бул көрүнүштү «Катаргейт» иши менен байланыштырды. Анын алкагында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жардамчылары Катарды жактаган лоббисттик түзүм менен кызматташкан деп айыпталууда.
«Катар — АКШнын душманы, Израилдин душманы, жөөт элинин душманы жана бүт дүйнөнүн душманы», — деди Лапид.
Басылманын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Катар АКШнын жогорку билим берүү системасына миллиарддаган доллар инвестиция салып, ошондой эле ХАМАС террористтик уюмунун лидерлерин өз аймагында кабыл алган.
Жекшемби күнү министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу боюнча комитети Лапиддин мыйзам долбооруна каршы добуш берди. Андан кийин ал бул демилгеге каршы добуш берүү боюнча көрсөтмө премьер-министрдин кеңсесинен берилген эмес бекен деген суроону койду.