Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШнын коркутууларына жооп берип, кээде дүйнөдөгү эң күчтүү армия да ордунан тура албай калгыдай сокку алышы мүмкүн экенин билдирди.
«Кээде эң күчтүү армия да ордунан тура албай калгыдай сокку алышы мүмкүн. Алар (америкалыктар) Иран тарапка кеме жөнөткөнүн дайыма айтып келишет. Албетте, флот – коркунучтуу нерсе, бирок андан да коркунучтуусу – бул кемени деңиз түбүнө түшүрө ала турган курал», – деди ал.
Ошондой эле Хаменеи АКШ президенти Дональд Трамп Иранды жок кыла албай турганын белгиледи.
Хаменеи бул билдирүүнү Трамптын Тегеран менен келишим ишке ашпай калса, АКШнын Аскер-деңиз флотунун экинчи согуштук тобу Жакынкы Чыгышка жөнөй турганын билдирген коркутууларына жооп катары жасады.
Күн мурун Женева шаарында Иран менен АКШ ортосунда Омандын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөр өттү. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен конструктивдүү атмосферада олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, өзөктүк маселе боюнча пикир алмашылганын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасы 6-февралда Омандын ортомчулугу менен өлкөнүн борбору Маскатта өткөн.