АКШ менен Франциянын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты

Франциялык ультраоңчул активист Квентен Деранктын өлтүрүлүшүнөн кийин АКШ менен Франциянын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты, деп билдирет AFP.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро трагедиялуу окуя боюнча америкалык расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнө байланыштуу Париждеги АКШнын элчисин чакырганын жарыялады.

«Бул трагедияны саясий максатта пайдаланууну биз четке кагабыз, — деди Барро. — Айрыкча зомбулук маселесинде эл аралык реакциячыл кыймылдан бизге үйрөнө турган эч нерсе жок», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Деранк болжол менен солчул радикал активисттер менен болгон мушташта өлтүрүлгөн. Окуя өлкө боюнча массалык нааразылык акцияларына жана башаламандыкка алып келди.

АКШнын  президенти Дональд Трамптын администрациясы «зомбулукчул радикал сол кыймылдын» аракеттерин айыптады. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Сара Роджер X тармагында мындай деп жазды: «Эгер сиз адамдарды ынандыруунун ордуна алардын көз карашы үчүн өлтүрүүнү чечсеңиз, анда цивилизациядан баш тарткан болосуз».

Деранктын өлтүрүлүшү Франция менен Италиянын ортосунда да дипломатиялык пикир келишпестикке айланды. Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони бул окуяны «бүт Европага тийген жара» деп атаган, бул болсо Франциянын президенти Эммануэль Макрон тарабынан өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары сынга алынган.