РФ ТИМи АКШны Ирандын өзөктүк объекттерине сокку уруудан баш тартууга чакырды

Россия ТИМнин жетекчисинин орун басары Дмитрий Любинский ошондой эле «Россия Ирандын тынчтык багытындагы өзөктүк программасына байланыштуу дипломатиялык чечимдерди кайра издөө процессин жандандыруу үчүн бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр» экенин белгиледи.

Россия АКШны жана анын союздаштарын Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк объекттерине сокку урууну пландаштыруудан баш тартууга чакырат. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысынын орун басары Дмитрий Любинский Женевада өткөн БУУнун Уставын коргоо боюнча Достор тобунун жогорку деңгээлдеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«АКШны жана анын союздаштарын Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк объекттерине сокку урууну пландаштыруудан баш тартууга чакырабыз, — деди ал. — Вашингтонго мындан аркы аскердик тирешүүгө жол бербөө боюнча бекем кепилдиктерди берүүнү катуу сунуштайбыз». Любинский ошондой эле «Россия Ирандын тынчтык багытындагы өзөктүк программасына байланыштуу дипломатиялык чечимдерди кайра издөө процессин жандандыруу үчүн бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр» экенин баса белгиледи.

Дипломаттын айтымында, РФ декабрдын аягынан бери АКШнын жана анын союздаштарынын Иранда жана анын айланасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган деструктивдүү кадамдарын байкап келет. «Алгач Батыш нааразычылык акцияларына чыккандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салууга, ошондой эле негизги мамлекеттик мекемелерди күч менен басып алууга ачык түрдө шыкак кылды, — деп улантты ал. — Бул мамлекеттик төңкөрүштү козутуу планы ишке ашпай калгандан кийин, Вашингтон Тегеранга түздөн-түз анын аймагына сокку уруу менен коркутууга өттү, азыр болсо бул коркутуулар күчөп жатат».

Министрдин орун басарынын айтымында, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн азыркы аракеттери «максималдуу басым көрсөтүү» деп аталган белгилүү саясаттын алкагына туура келет. Бул саясат БУУнун Уставын, тактап айтканда мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибин жана күч колдонуу же күч колдонуу менен коркутууга тыюу салууну одоно бузат. «Бул саясаттын борбордук элементи — бир тараптуу мажбурлоочу чаралар», — деп кошумчалады Любинский.