Афганистанды башкарган Талибан өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Муджахид Россия ТИМинин Афганистанда эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлери бар деген билдирүүсүн четке кагып, маалыматты жана булактарды туура эмес деп атады.
Муджахид Афганистан коопсуз жана өлкөдө эч кандай топ жок экенин айтты.
Анын айтымында, Афганистандын географиясы бирдиктүү эгемендиктин астында, ошондуктан тышкы топтор ал жерде ишмердүүлүк жүргүзө алышпайт.
Талибандын өкүлү ошондой эле россиялык булактар тарабынан айтылган мындай билдирүүлөргө өкүнүчүн билдирип, аларды мурунку өкмөттүн мезгилине байланыштырды; анын айтымында, мындай билдирүүлөр “Американын оккупациясы учурунда” да кайталанган.
Ал Россияны Афганистандын реалдуулуктарын түшүнүүгө жана докладдарын объективдүү фактыларга таянып жаңыртууга чакырды.
Россия ТИМинин Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал тууралуу доклады
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал тууралуу докладын жарыялаган. Анда өлкөдө эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлеринин жалпы саны 20 000ден 23 000ге чейин экени, алардын жарымынан көбү чет элдик жарандар экени айтылган.
“Афганистандагы аскердик жана саясий кырдаал татаал бойдон калууда, бул көбүнчө террордук топтордун жашыруун ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды калктын оор социалдык-экономикалык абалы, табигый кырсыктар жана өкмөттүн альтернативдүү, кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрү жок болгон учурда апийим өстүрүүнү жок кылуу саясаты да туруксуздаштырышы мүмкүн”, – деп белгиленет докладда.
Билдирүүгө караганда, Афганистандын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлеринин жалпы саны 20–23 миң адам деп болжолдонууда. Эң ирилери: ИШИМ (болжол менен 3 миң мүчө), Пакистандын талибдер кыймылы (5–7 миң адам), «Аль-Каида» (400–1,5 миң адам), Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы (300–1,2 миң адам), Өзбекстандын ислам кыймылы («Түркстан ислам партиясы» деп кайра аталышкан, 150–500 адам) жана «Жамаат Ансарулла» (150–250 адам).
Азыркы афган режимине каршы аракеттенген жалгыз террордук топ – ИШИМдин афган «канаты» болгон «Вилаят Хорасан». Анын өлкөдө машыгуу лагерлери, таяныч базалары жана «уктап жаткан уячалардын» тармагы бар. Бул топ негизинен Ооганстандын чыгышында, түндүгүндө жана түндүк-чыгышында жайгашкан.
Россия ТИМинин докладында ошондой эле Афганистандын азыркы бийлиги баңги заттарынын коркунучун жок кылуу үчүн чараларды көрүп жатканына карабастан, өлкө баңги заттарын өндүрүүчү өлкө бойдон калууда деп белгиленет. Учурда өлкөдө апийим жана каннабис өстүрүүгө тыюу салынган. Ооган бийлиги тиешелүү тыюу салууларды 2022 жана 2023-жылдары киргизген.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, Афганистанда апийим өстүрүүчү аянт 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу 20% га, 12 800 гектардан 10 200 гектарга чейин кыскарган. Бул Талибан айдоого тыюу салганга чейинки 2022-жылдагы көрсөткүчтөн бир топ төмөн, ал кезде айдоо аянты болжол менен 232 000 гектарды түзгөн. 2025-жылы апийим өндүрүү 296 тоннаны түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 32%га аз.
Ошол эле учурда докладда «салттуу» баңгизаттарды өндүрүүнүн көлөмү азайган шартта «синтетикалык» баңгизаттардын жайылышы тынчсызданууну жаратары белгиленет. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата Афганистанда жана коңшу өлкөлөрдө метамфетаминди конфискациялоо көлөмү 2023-жылдын үчүнчү чейрегине салыштырмалуу 50%га өскөн. Учурда метамфетамин чет өлкөлөрдө эң көп кармалган афган баңгизаты болуп саналат.
