Акыркы күндөрү Япониянын Итикава зоопаркында энеси бакпай койгон Панч аттуу бала маймылдын сүрөт-видеолору саналуу күн ичинде социалдык тармактарда жана дүйнөлүк медиада кеңири тарады. Оюнчук орангутанга байланган Панч чоң көздөрү жана баладай кыймыл-аракеттери менен көпчүлүктүн жүрөгүн багындырды.
Медиа каражаттары бул кичинекей маймылдын тынчсызданып, өзүнө жубатуу издеп жаткан видеолорун жайылтуу аркылуу миллиондогон адамдардын көңүлүн анын тагдырына бура алышты. Репортаждарда Панчтын күнүмдүк жашоосу, тамактануусу жана багуучулардын аны кайра тынчтандыруу аракеттери кеңири жана таасирдүү баяндалууда.
ЖМКлар Панчтын окуясын анын энеси белгисиз себептерден улам бакпай кеткен учурдан баштап баяндайт. Камкорчуларынын кучагына баш калкалап же муңайым көз караш менен айланага тигилген Панчтын сүрөт-видеолору социалдык тармактарда боорукерлик толкунун жаратты. Соцтармактардын көптөгөн колдонуучулары өз пикирлеринде сезимдери менен бөлүшүп, маймылга бактылуу келечек каалашууда. Бул кеңири тараган реакция адамдардагы боорукерлик сезиминин күчүн көрсөтөт, ЖМКлар бул сезимди мыкты пайдаланып, алдыңкы планга чыгара алды.
Алгач, бала маймылга болгон боорукерлик адамдарды жаныбардын кайгысына да кайдыгер карабаган дүйнөдө жашап жаткандай сезим, ЖМКлар бул сезимдердин көпүрөсү катары өз милдетин аткарып жаткандай көрүнөт. Бул көрүнүш ЖМКлар жөнөкөй окуяны эл аралык боорукерликтин символуна айлантып, дүйнөнүн көңүлүн бир тирүү жандыктын тагдырына бура аларын көрсөтөт. Бирок ошол эле учурда ири ЖМКлар бардык трагедияларга бирдей көңүл бурабы деген айрым суроолорду жаратпай койбойт.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=300&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F937034092215361%2F&show_text=false&width=600&t=0
Негизги маалымат каражаттарынын ызы-чуусунан алыс, согуш жана кыйроо менен курчалган Газадагы балдар күн сайын апаларын, аталарын жана жакындарын жоготуп жатышат. Алар өтө оор шартта, коргоосуз жана алсыз абалда. Бирок алардын кайгылуу тагдыры мындай көлөмдө чагылдырылбайт, тескерисинче, кеңири медиа бойкотко кабылып келет.
Социалдык тармактар бала маймыл Панчтын сүрөттөрүнө толуп турган учурда, Газанын балдарынын ыйы жана жардыруулардын үнү дүйнөгө жетпей жатат. Алар үчүн глобалдык боорукерликтин толкуну байкалбайт.
ЖМКларда жаныбардын тагдырынын кеңири чагылдырылышы менен Газадагы адамзаттык трагедияга карата унчукпоонун ортосундагы бул кескин айырма адамзаттын абийирине чоң суроо таштайт. Дал ушул жерден сырткы көрүнүшү кооз болуп көрүнгөн медиа дүйнөсүнүн артында кээде саясий кызыкчылыктар жана жашыруун бойкоттор турганын даана көрүүгө болот. Адамзаттык трагедиялардын унутта калып жатышы, өзүнчө эле чоң трагедия экени талашсыз.
Булак: Tasnim news