CBS News: Дональд Трамп Иранга каршы аскердик варианттардын чектелүү экенине нааразы

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттердин «чектелүү» бойдон калып жатканына нааразы болуп жатканы, ал эми анын кеңешчилери «узакка созулган жаңжал» коркунучу бар экенин эскертип жатышканы маалымдалды. Бул тууралуу CBS News кырдаалга жакын булактарга таянып билдирди.

Булактардын айтымында, Трамптын кеңешчилери мүмкүн болуучу сокку Ирандагы объекттерге карата «жалгыз жана акыркы» жыйынтыкка алып келбей турганын түшүндүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, аскердик пландоочулар Иранга карата «чектелген сокку» варианттары АКШны Жакынкы Чыгышта узакка созулган тирешүүгө тартып кетиши мүмкүн экенин эскертишкен. Бул өз кезегинде аймакка кошумча америкалык аскер күчтөрүн жөнөтүүнү талап кылат.

Ошол эле учурда мындай баалоолор Трамптын нааразылыгын жараткан деп айтылууда.

Булактар Трамптын шашылыш мамилеси «Вашингтондун пайдасына дипломатиялык күн тартибин өзгөртүүгө мүмкүндүк бере турган» кыйла чечкиндүү аракеттерге умтулуусунан улам келип чыкканын белгилешет. Бирок аскердик жетекчилер мындай жыйынтыкка кепилдик жок экенин жана аймактагы америкалык аскерлерге каршы жооп чараларынын коркунучу жогору бойдон каларын дагы бир жолу баса белгилешкен.

Буга чейин АКШ президенти Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Кейн Иран менен согушка каршы деген маалыматтарды четке кагып, мындай билдирүүлөрдү жалган деп атаган. Трамп ошондой эле «эгер макулдашуу болбосо, Иран үчүн кесепеттер олуттуу болот» деп эскерткен.

Иран менен сүйлөшүүлөр уланып жаткан шартта АКШ Жакынкы Чыгыштагы аскердик катышуусун тез арада күчөтүүдө. Бул каалаган учурда Иранга сокку урууга даяр экенинин белгиси катары бааланууда.

Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөр 2025-жылдын июнь айында Израиль жана АКШнын Иранга жасаган чабуулдарынан кийин токтотулган. Алар 6-февралда Оманда кайра жанданды.

Экинчи раунд 18-февралда Швейцариянын Женева шаарында өттү.

АКШ жана Иран делегациялары 26-февралда кайрадан Женевада сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө.