Орусия Иран менен АКШнын ортосунда дипломатиялык ортомчу болууга даяр

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Москва Иран менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууда дипломатиялык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Вашингтонду аскердик жаңжалдын алдын алууга кепилдик берүүгө чакырды.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Дмитрий Любинский дүйшөмбү күнү Женева шаарында БУУнун Уставын коргоо боюнча Достор тобунун жыйынында сүйлөп жатып: «Биз АКШны жана анын союздаштарын Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк объекттерине кол салуу пландарынан баш тартууга чакырабыз», — деген.

Ал ошондой эле: «Орусия талаштуу маселелер боюнча дипломатиялык чечимдерди издөө аракеттерин жандандыруу үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр», — деп кошумчалаган.

Любинский: «Келечекте аскердик жаңжал болбой турганына байланыштуу Вашингтонду так жана бекем кепилдик берүүгө чакырабыз», — деп белгилеген.

Орусиянын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов Вена шаарында Кытай жана Ирандын туруктуу өкүлдөрү менен биргеликте Эл аралык атом энергиясы агенттигинин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Анын айтымында, жолугушууда Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген.

Ульянов журналисттерге берген маегинде Гросси менен болгон жолугушууда Ирандын өзөктүк маселесине байланыштуу бардык көйгөйлөрдү таза саясий жана дипломатиялык ыкма аркылуу чечүү зарылдыгы айтылганын белгиледи.

Ал Москва, Бээжин жана Тегерандын дипломатиялык миссияларынын Венадагы мындай кызматташуусу мындан ары да улантыларын кошумчалады.