Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШнын Иранга каршы сокку уруу ыктымалдыгы боюнча пикирин билдирип, Америка тарапка катуу эскертүү жасады.
Анын айтымында, Иран АКШга ачык жана чечкиндүү түрдө айтат: «Бардык варианттар столдо турат; татыктуу дипломатия да, коргонуу да».
Ирандык саясатчы эгер АКШ Иран элинин кадыр-баркы жана өз ара кызыкчылыктары урматталган дипломатияны тандаса, Иран сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок эгер алар мурдагы тажрыйбаны кайталап, тандоосу алдоо жана агрессия болуп, сүйлөшүүлөрдүн ортосунда чабуул коюуну чечсе, анда ал Ирандан катуу жооп аларын эскертти.
Эске салсак, 2025-жылы АКШ менен Ирандын Омандын ортомчулугу аркылуу жүрүп жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрү июнь айында, Израилдин, андан кийин АКШнын Иран аймагына сокку уруусунан кийин үзгүлтүккө учураган.
Сүйлөүүлөр быйыл жанданып, Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен эки жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Биринчи айлампа 6-февралда Маскатта өтсө, экинчи сүйлөшүүлөр 17-февраль күнү Женевада болгон. Анда Иран делегациясын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи, ал эми америкалык делегацияны АКШ президентинин өкүлү Стив Виткофф жетектеди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран менен АКШ конструктивдүү атмосферада олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар өзөктүк маселе боюнча идеялар менен алмашышканын билдирген.
АКШ менен Ирандын ортосундагы кийинки сүйлөшүүлөр Женевада 26-февралда өтөөрүн сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Оман тарап билдирди.