АКШ–Иран чыңалуусунан улам Жакынкы Чыгыштан мунай ташуунун баасы акыркы алты жылдагы эң жогорку чекке жетти

Дүйнөлүк мунай рыногун талдоочу компаниялардын отчетуна ылайык, Жакынкы Чыгыштан мунай ташуунун баасы акыркы алты жылдагы эң жогорку чекке жетти.

Fars News агенттиги билдиргендей, АКШнын Иранга карата чыңалууну күчөткөн аракеттери дүйнөлүк мунай ташуу рыногунда белгисиздикти кайрадан арттырып, жеткирүү чыгымдарын рекорддук деңгээлге көтөрдү. Бул өсүш Вашингтондун аймактагы чагымчыл саясатына байланыштуу соодагерлердин кооптонуусунан улам болуп жатканы белгиленүүдө.

Лондон фондулук биржасы берген маалыматтарга ылайык, Жакынкы Чыгыштан Кытайга эки миллион баррелге чейин мунай ташый алган өтө ири VLCC тибиндеги танкерди ижарага алып, мунай жеткирүүнүн акысы жыл башынан бери үч эседен ашык көбөйүп, 24-февралга карата күнүнө 170 миң доллардан жогорулады. Бул көрсөткүч 2020-жылдын апрелинен берки эң жогорку чек болуп эсептелет.

Бул өсүш АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшү мүмкүн деген кооптонуудан улам, соодагерлердин танкерлерди алдын ала брондоосуна байланыштуу болууда.

Ошол эле учурда, Жакынкы Чыгыштын чийки мунай экспорту февраль айында суткасына 19 миллион баррелден ашып, 2020-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жетти.

Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматтарына караганда, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Иран негизги экспорттоочулар болгон, ал эми Индиянын суроо-талабынын өсүшү да роль ойногон, анткени Нью-Дели Орусиядан импортту кыскарткандан кийин Жакынкы Чыгыш мунайына өткөн.

Sparta Commodities компаниясынын улук талдоочусу Джун Гонун айтымында, мунай ташуучу эң ири танкерлердин (VLCC) рыногуна бир катар негизги оң факторлор таасир эткен. Алардын катарына Венесуэланын мунай жүктөрүн “көмүскө флотту” колдонуунун ордуна мыйзамдуу жолдор аркылуу ташылуусу, ОПЕК+ альянсынын өндүрүштү көбөйтүшү жана мунай иштетүүчү заводдордун, айрыкча Индиянын жигердүү суроо-талабы кирет.

Эксперт ошондой эле мунай ташуу рыногундагы бул өзгөрүүлөр Suezmax жана Aframax сыяктуу салыштырмалуу кичине танкерлерге да таасиририн тийгизерин болжолдоду. Чийки мунай жана мазут ташууда колдонулган бул танкерлер VLCC супер-танкерлеринен караганда азыраак сыйымдуулукка ээ.

Негизги кооптонуулардын бири – эгер Вашингтон Иранга каршы аскердик аракетке барса жана Тегеран жооп иретинде стратегиялык мааниге ээ Ормуз кысыгындагы кыймылды чектесе, мунай ташуунун чыгымдары дагы да өсүшү мүмкүн. Ормуз кысыгы Перс булуңунан мунай экспорттоодогу эң маанилүү өткөөлдөрдүн бири болуп саналат жана андагы ар кандай туруксуздук дүйнөлүк энергия рыногуна дароо таасир этет.

Clarksons брокердик компаниясы өз баяндамасында белгилегендей, VLCC тибиндеги ири мунай танкерлеринин тарифин көтөрүш үчүн мунайды рыноктон алып салуунун кереги жок. Жөн гана тобокелдик көбөйдү деген түшүнүк өзү эле баалардын тез өсүшүнө себеп болот. Мисалы, согуш коркунучунан улам  камсыздандыруу кымбатташы мүмкүн, кеме ээлери кооптуу аймакта жүргөнү үчүн кошумча акча талап кылышы мүмкүн же ижарачылар белгисиздиктен улам танкерлерди көбүрөөк брондой башташы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Dryad Global деңиз коопсуздугу боюнча компаниясы да эскертүү жасаган. Алардын айтымында, Оман булуңу менен Ормуз кысыгында коммерциялык кемелери үчүн тобокелдиктер көбөйүп жатат. Айрыкча GPS навигациясынын иштебей калышы же кемелердин автоматтык таануу системасынын (AIS) сигналдарынын бурмаланышы сыяктуу учурлар кездешүүдө. Ошентсе да, рынокко АКШнын чыңалууну күчөткөн аракеттери жана анын аймактагы коопсуздукка тийгизе турган таасири тууралуу кооптонуулар эң чоң таасир берип жатат.

Мындан тышкары, дүйнө жүзүндөгү мунай ташуучу танкерлердин саны да азайып жатат. Себеби жүздөгөн эски кемелер «көлөкө флот» деп аталган топко сатылып кеткен. Бул флоттун камсыздандыруусу так жана ачык эмес.

Мунай рыногундагы маалыматтарга караганда, ири мунай компаниялары мындай кемелерди колдонушпайт. Ошондуктан расмий рынокто жеткиликтүү танкерлер азайып, сунуш чектелип жатат. Бул абал жакынкы үч жыл ичинде жаңы кемелер ишке кирмейинче уланышы мүмкүн.

Sinokor Merchant Marine аттуу Түштүк Кореянын кеме компаниясы акыркы мезгилде VLCC танкерлеринин негизги сатып алуучуларынын бирине айланып, ачык рынокто алардын сунушун азайтты. Бул жагдай кеме ээлерине стандарттык 30 күндүк келишимдер боюнча тарифтерди жогорулатууга шарт түздү.

Үч брокердин жана кеме тармагынын өкүлдөрүнүн баалоосуна ылайык, Sinokor учурда суткалык ижара рыногунда болжол менен 78 VLCC танкердерин көзөмөлдөйт жана бул көрсөткүч жакынкы мезгилде 88ге жетиши мүмкүн. Андай болсо, компаниянын жалпы флоту 100 кемеден ашып, 120–130га чейин жетиши ыктымал.

Signal Group компаниясынын маалыматына караганда, 88 кеме менен Sinokor VLCC сегментиндеги эң ири коммерциялык оператор болуп калат.

Мунай рыногундагы булактардын божомолуна ылайык, VLCC танкерлеринин рыногу жакынкы мезгилде да курч бойдон калат жана операторлор жогору тарифтерди талап кылууну улантышат.

Бирок Джон Го транспорттук чыгымдардын өсүшү кийинчерээк мунай иштетүүчү заводдордун кирешелүүлүгүнө кысым жасашы мүмкүн экенин эскертип, бул жагдай акыры танкерлерге болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келиши ыктымал экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк мунай ташуу рыногунда байкалып жаткан нерсе АКШнын аймактагы саясатынан келип чыккан чыңалган атмосферанын түздөн-түз чагылышы болуп саналат. Бул жагдай дүйнөлүк энергия соодасынын чыгымдарын көбөйтүү менен катар, Иран менен Ормуз кысыгынын глобалдык энергетикалык коопсуздуктагы чечүүчү ролун дагы бир ирет баса көрсөттү.