Иран АКШнын базаларына сокку урууда эң күчтүү ракеталарды колдонорун билдирди

Иран жаңы соккулардын жүрүшүндө дагы да күчтүү ракеталарды колдонорун АКШ билиши керек.

Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-майору Эбрахим Жабари билдирди.

“Трамп бүгүн биз запастагы ракеталарды учурганыбызды, жакында силер мурда көрбөгөн эң күчтүү ракеталарды көрсөтөрүбүздү билиши керек», — деди ал Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын эфиринде.

Бүгүн, АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция башташты. Соккулар Ирандын ири шаарларына, анын ичинде Тегеран шаарына жасалды. Ак үй бул чабуулду Иран тараптан келип жатат делген ракеталык жана өзөктүк коркунуч менен негиздеди.

Израилдин Ирандын Хормозган провинциясындагы Минаб округундагы кыздар окуган “Шаджаре Тайебе” башталгыч мектебине жасаган ракеталык соккудан каза болгон окуучулардын саны 51ге жетип, 60ы жаракат алды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу кеңири АКШ менен Израилге каршы жооп операциясы башталганын билдирди.

Алгач, Иран Израилге ондогон ракета жана учкучсуз аппараттар менен сокку урду.

Андан соң ракеталык соккулар АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына да жасалды. Базалар Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы аймактарында жайгашкан.