Иран Харк аралын чыңдады. Америкалык эксперттер коңгуроо кагууда

Акыркы жумаларда Иран Харк аралындагы аскердик катышуусун кыйла күчөткөнүн АКШнын чалгын маалыматтарына жеткиликтүү булактар CNN телеканалына билдиришти.

Бул булактардын айтымында, аралга кошумча күчтөр жайгаштырылып, абадан коргонуу системалары орнотулган, ошондой эле талаа миналары коюлуп, зениттик ракеталар жана көчмө учуруучу түзүлүштөр жайгаштырылган.

Бул чаралар АКШ тарабынан аралды көзөмөлгө алуу боюнча мүмкүн болгон операцияга даярдык катары каралууда.

Харк аралы Перс булуңунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан жана Ирандын мунай экспортунда негизги ролду ойнойт. Ирандын мунай экспортунун болжол менен 90 пайызы ушул арал аркылуу өтөт. АКШнын расмий өкүлдөрү аралды басып алуу үчүн кургактагы аскерлерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн Иранга басым көрсөтүү жана бул өлкөнү Ормуз кысыгын кайра ачууга мажбурлоо каражаты катары карап чыгышкан.

Ошол эле учурда, аскердик эксперттер жана америкалык расмий өкүлдөр мындай операциянын чоң тобокелчиликтери бар экенин эскертишкен.

Булактардын маалыматы боюнча, арал көп катмарлуу коргонуу системалары менен бекемделген, ал эми ирандык күчтөр деңиз аркылуу жасалуучу чабуулдарды татаалдаштырган системаларга ээ. Америкалык аскерлердин олуттуу жоготуулары болушу мүмкүн деп бааланууда.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) азырынча Харктагы акыркы аракеттер боюнча комментарий бере элек.

АКШ армиясы 13-мартта аралга абадан сокку урган, анын жүрүшүндө болжол менен 90 объект, анын ичинде мина жана ракета сактоочу кампалар бутага алынган. Трамп аралдын мунай инфраструктурасы бутага алынбаганын билдирген.

Израилдик булактар Харк аралын басып алуу Иран тарабынан дрондук чабуулдарга жана ракета аткылоолорго алып келиши мүмкүн экенин эскертишет, бул америкалык аскерлердин өмүрүнө коркунуч жаратат.

НАТОнун мурдагы кол башчысы, отставкадагы адмирал Жеймс Ставридис Иранды акылдуу жана ырайымсыз деп мүнөздөп, бул өлкө АКШ күчтөрүнө мүмкүн болушунча чоң зыян келтирүүгө аракет кыларын айткан.

Иран жетекчилери да бул маселеге байланыштуу эскертүү беришкен. Парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф социалдык тармактарда АКШ күчтөрүнүн бардык кыймылдары Ирандын куралдуу күчтөрү тарабынан кылдат көзөмөлдө экенин билдирип, Иранга таандык кайсы бир аралга кол салуу катуу жооп менен коштоло турганын айткан.

Харк аралы болжол менен Манхэттен аралынын үчтөн бир бөлүгүнө барабар, аны көзөмөлдөө үчүн АКШга чоң аскер күчү талап кылынат. Деңиз күчтөрү жана ыкчам чабуулдарга адистешкен АКШнын деңиз жөө аскерлеринин эки бөлүгү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн, ошондой эле 82-аба-десанттык дивизиядан миңге жакын аскер жакын арада аймакка жайгаштырылат.

Булактардын маалыматы боюнча, CENTCOM аралдагы коргонуу жана мина системаларындагы өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн аны туруктуу көзөмөлдөп жатат.

Ошол эле учурда, Перс булуңундагы өлкөлөр АКШдан кургактагы операция жүргүзбөөнү суранышкан. Алар жоготууларды жана чыңалуунун күчөшүн алдын алуу үчүн альтернативдүү чараларды — мисалы, Ирандын ракета мүмкүнчүлүктөрүнө так сокку уруу же деңиз блокадасын жүргүзүүнү сунушташкан. Бул ыкмалар жердеги аскерлерди колдонбостон эле Тегеранга басымды күчөтүүгө мүмкүндүк берет.