БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Израилдин парламенти — Кнессет тарабынан кабыл алынган жана палестиналык туткундарга каршы багытталган өлүм жазасы тууралуу мыйзам дароо жокко чыгарылышы керек экенин билдирди.
БУУнун оккупацияланган палестин аймактарындагы адам укуктары боюнча миссиясы бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.
«Израиль бүгүн парламентте кабыл алынган дискриминациялык өлүм жазасы тууралуу мыйзамды дароо жокко чыгарышы керек. Бул мыйзам Израилдин эл аралык укук боюнча милдеттенмелерине каршы келет», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта БУУ кандай шартта болбосун өлүм жазасына каршы экени белгиленип, жаңы мыйзамды колдонуу эл аралык укуктун катаал, адамгерчиликсиз же адамдын абийирин кемсинткен жазаларды тыюу салган нормаларын бузары баса белгиленет.
«Мындан тышкары, бул мыйзам оккупацияланган Батыш жээгинде жана Израилде жашаган палестиналыктарга гана колдонулат. Бул адамдар көп учурда адилетсиз сот процесстеринен кийин айыпталарын эске алганда, мыйзам расалык дискриминацияны жана апартеидге тыюу салууну бузуу практикасын дагы күчөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Израил парламенти талаш жараткан мыйзам долбоорун 62 добуш «макул», 48 добуш «каршы» менен кабыл алган.