Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясындагы Ильхчи районунда өлкөнүн стратегиялык объекттери тууралуу маалыматтарды АКШ жана Израилге өткөрүп турган эки «саткын агент» кармалды. Алар маалымат үчүн криптовалюта түрүндө акы алып турушкан.
Бул тууралуу Tasnim агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусуна шилтеме берүү менен маалымдады.
«Райондун коопсуздук күчтөрү Ильхчиде душмандын эки агенти — америкалык-сионисттик түзүлүштөр менен байланышкан адамдарды аныктап, кармашты. Бул чыккынчылар чет өлкөлүк түзүмдөр менен байланыш түзүп, маанилүү объекттердин жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды душмандын чалгын кызматтарына өткөрүп турушкан. Мындай маалыматтар үчүн алар криптовалюта алышкан. Кармалгандар коопсуздук жана укук коргоо органдары менен кызматташтыкта сот органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат ИРСКтин билдирүүсүндө.
Ирандын сот системасынын өкүлү Аскер Джахангир бүгүн «душмандын пайдасына болгон ар кандай маалыматтык ишмердүүлүк өлүм жазасы жана мүлктү конфискациялоо менен жазаланат» деп билдирди. Анын айтымында, «душманга маалымат берген адамдарга каршы 200дөн ашык айыптоо актылары чыгарылган. Душман менен кызматташууга эч кандай жеңилдик жок, ал тургай жабыркаган объекттердин сүрөтүн тартуу да жазага алып келет».