“Бирөө да тирүү калбайт”: Ирандын генералы кургактан басып кирүүнүн оор кесепеттери жөнүндө эскертти

Иран армиясынын башкы командачысы, генерал-лейтенант Амир Хатами өлкө боюнча күчтөрдүн жана операциялык штабдардын командирлери менен болгон сүйлөшүүсүндө душмандардын ар кандай мүмкүн болгон чагымчылдыгына каршы туруу үчүн Армия толук даяр экенин баса белгиледи.

Бул тууралуу Fars News агенттиги маалымдады.

Ал “душмандын бардык кыймылдары өтө тактык менен көзөмөлдөнүшү керектигин жана зарыл болсо, каршы чараларды дароо көрүү керектигин белгиледи.

“Эгерде душман кургактан операция жүргүзүүгө аракет кылса, бир дагы адам тирүү калбашы керек”,- деди Амир Хатами.

Генерал Ирандын стратегиясы так экенин, өлкөдөн согуштун көлөкөсү алынышы керектигин жана  коопсуздук баары үчүн болушу керектигин баса белгиледи.

“Биз койгон максаттарга жетмейинче душмандарды коё бербейбиз”, – деди ал.

Хатами “Баары Иран үчүн” деген чечкиндүү ураан менен толук жеңишке жеткенге чейин баскынчыларга каршы күрөштү улантуу керектигин белгиледи.

Сөзүнүн аягында ал өлкөсүндөгү «Иран үчүн өмүрүмдү берем” аттуу улуттук өнөктүктү ишарат кылып,  армиянын бардык кызматкерлери өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо жана Ирандын намысын сактоо үчүн жанын аябай кызмат кылууга даяр экенин билдирди.