Иран АКШнын канча согуштук учактарын атып түшүрдү?

АКШда акыры Иран бир күндө канча учакты атып түшүргөнү жана учкучтардын тагдыры кандай болгону тууралуу так маалымат аныкталды.

Иран бир күндүн ичинде эки америкалык учакты жана эки тик учакты атып түшүргөн. Бул тууралуу NBC News өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, алардын бири F-15E Strike Eagle истребители, ал эми дагы үч аба каражаты катапультацияланган эки учкучту издөө-куткаруу операциясына катышкан.6

NBC News америкалык аткаминерге шилтеме жасап билдиргендей, Ирандын огунан жабыркаган экинчи учак A-10 Thunderbolt II болгон. Ал бир гана учкучка эсептелген.

The Guardian жазгандай:

«A-10 Кувейттин аба мейкиндигине жетип, ошол жерде учкучу катапультация жасап, учак кулап түшкөн. Учкуч аман, ал эми учак Кувейт аймагына кулаган», — деп билдирген расмий өкүл.

Мындан тышкары, издөө-куткаруу операциясына катышкан эки UH-60 Black Hawk тик учагы да жабыркаган. Аткаминердин айтымында, аскер кызматкерлери жеңил жаракат алышкан, бирок баары аман.

Жыйынтыгында, Иран бир күндө эки аскердик учакты — F-15E Strike Eagle жана A-10 Thunderbolt II — кулашына себеп болуп, эки UH-60 Black Hawk тик учагын жабыркаткан.

Бул окуялар доналд Трамп элге кайрылуусунда Иран «толук талкаланды» деп билдиргенден 48 саат өтпөй эле болгонун The Guardian белгилейт.

Ал эми төмөндө Иран менен согуш башталгандан бери жабыркаган же жок кылынган америкалык аскердик учактардын айрымдары келтирилген:

 1 даана F-35 Lightning II (баасы 110 млн доллар)
4 даана F-15E Strike Eagle (жалпы баасы 360 млн доллар)
 1 даана A-10 Thunderbolt II (баасы 18,8 млн доллар)
 1 даана Boeing E-3 Sentry (баасы 700 млн доллар)
 8 даана абадан май куюучу учактар (жалпы баасы 320 млн доллар)
 3 даана Sikorsky HH-60 (HH-60M жана HH-60W, жалпы баасы 60 млн доллар)
 17 даана MQ-9 Reaper (жалпы баасы 510 млн доллар)

 Бул тизмеге эки күн мурун Кувейтте жок кылынган Boeing CH-47 Chinook тик учагын да кошуу керек.