Бүгүн, 21-май Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси өттү.
Бул тууралуу «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдайт.
Жыйынга Кыргызстандын Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов төрагалык кылды. Кеңешмеге Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан, Иран мамлекеттеринин жана ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

1 of 17

Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдөгү баңгизатка байланышкан кырдаал, бул багыттагы эл аралык жана аймактык абал, ошондой эле мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүсүнө каршы күрөштөгү эл аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, ШКУ мамлекеттеринин аймагында өткөрүлө турган «Желе» аттуу биргелешкен баңгизатка каршы операциясынын концепциясы жана аны ишке ашыруу планы каралды. Ошондой эле 2024–2029-жылдарга карата иш планы, аны аткаруу боюнча аракеттер программасы жана баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды кыянаттык пайдалануунун алдын алуу боюнча ШКУнун концепциясы талкууга алынды.
Тараптар синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын жайылышы, баңгилик жана кылмыштуу кирешелердин мыйзамсыз жүгүртүлүшү өңдүү жаңы коркунучтар аймактык коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу чакырык жаратып жатканын белгилешти.
Делегация башчылары заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана электрондук каржы системаларын баңгизат соодасында жана кылмыштуу кирешелерди адалдоодо пайдаланууга каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Алар мындай көрүнүштөр улуттук, аймактык жана глобалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизерин айтышты.
ШКУга мүчө мамлекеттер уюмдун 2024–2029-жылдарга карата Баңгзизатка каршы стратегиянын негизинде, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташууну андан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.
Кеңешменин соңунда делегация жетекчилери Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында жүргүзгөн иштерине жогору баа берип, кыргыз тарапка меймандостугу жана жыйындын жогорку деңгээлде уюштурулушу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Күн мурун ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизатка каршы күрөшүү ведомстволорунун жогорку кызмат адамдарынын жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол коюлган.