БУУнун эксперттери Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратышы мүмкүндүгүн эскертти

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана башка эксперттер Ормуз кысыгынын жабылышы жана логистикалык кризис дүйнөлүк масштабда азык-түлүк каатчылыгын жаратышы мүмкүн экенин эскертип, өлкөлөрдү шашылыш түрдө альтернативдүү соода жолдорун издөөгө, экспорттук чектөөлөрдөн качууга жана гуманитардык азык-түлүк жеткирүүнү жеңилдетүү чакырыгын жасады.

Деңиз коридору болгон Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү жер семирткичтердин жана айыл чарба азыктарынын олуттуу бөлүгү ташылат.

Бул маалымат БУУнун расмий баракчасына жарыяланды.

“Ормуз кысыгынын жабылышы жөн гана кемелердин ишин убактылуу үзгүлтүккө учуратпастан, алдыдагы 6-12 айдын ичинде олуттуу дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын кризисине айланышы мүмкүн болгон системалуу айыл чарба жана азык-түлүк кризисинин башталышы”, – деп айтылат маалыматта.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы экономисти Максимо Тореро “Дүйнө мүмкүн болгон кесепеттерди минималдаштыруу үчүн туруктуулукту жогорулатууну олуттуу карап чыгышы керек”,- деп билдирди. Ал бул үчүн өкмөттөр, эл аралык каржы институттары, жеке сектор жана БУУнун агенттиктери тарабынан өлкөлөр үчүн өсүп жаткан тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү талап кылынарын баса белгиледи.

Ал уюмдун алдын алуу чараларынын терезеси тездик менен тарып баратканын белгилеп, кесепеттери буга чейин эле көрүнө баштаганын билдирген. Анткени, азык-түлүк бааларынын индекси үчүнчү ай катары менен жогорулаган.

Агро-азык-түлүк экономикасы департаментинин директору Дэвид Лаборденин айтымында, соода агымдарын чыгыш Арабия жарым аралынын чыгышы, Сауд Арабиясынын батышы жана Кызыл деңиз аркылуу багыттоо менен соккуну азайтууга болот. Бирок, бул жолдордун кубаттуулугу чектелүү.

Ошондой эле уюм, Эль-Ниньо жаратылыш кубулушунун күчөшү күтүлүп жаткандыктан кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экенин эскертет. Себеби, бул бир нече аймактарда кургакчылыкка алып келип, климаттык циклдерди бузушу мүмкүн.

Ошондуктан уюм альтернативдүү коридорлорду түзүү жана гуманитардык жардамдарды коргоо боюнча шашылыш чаралардан баштап, дыйкандарга насыя берүүнү кеңейтүүгө, санариптик реестрлерди иштеп чыгууга, логистиканы чыңдоого жана туруктуу технологияларга инвестицияларды көбөйтүүгө чейин бир катар сунуштарды даярдады. Эгер координацияланган иш-аракеттер болбосо, дүйнөлүк коомчулук келерки жылдын ичинде глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун жаңы айлампасына туш болуу коркунучунда турат.