АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урду

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер Ирандын түштүгүндө сокку урганын Fox News телеканалына билдирди.

«Бүгүн АКШ күчтөрү өзүн-өзү коргоо максатында Ирандын түштүгүнө сокку урду. Бул чара биздин аскер кызматкерлерибизди Ирандын куралдуу күчтөрүнөн келип чыккан коркунучтардан коргоо үчүн жасалды», — деп билдирди командачылыктын өкүлү. Анын сөзүн Fox News телеканалынын журналисти Женнифер Гриффин X социалдык тармагында жарыялады.

CENTCOM билдиргендей, соккунун буталары ракета учуруучу жайлар жана мина орнотууга аракет кылган ирандык катерлер болгон.

Телеканал өз булактарына таянып билдиргендей, чабуулдун натыйжасында Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык эки катер жана зениттик ракеталык системанын позициясы талкаланган.

Ошол эле учурда бул соккулар коргонуу максатында гана жасалганы, ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин бузулушу тууралуу сөз болбогону белгиленди.

Иран тарап окуя боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Буга чейин Reuters агенттиги Ирандын Бендер-Аббас порт шаарында жарылуулар болгонун кабарлаган. Бирок алардын себеби айтылган эмес. Ирандын Mehr агенттиги Бендер-Аббастагы абал көзөмөлдө экенин жана кооптонууга негиз жок экенин маалымдады.

25-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иран менен өзөктүк маселе боюнча убактылуу келишим түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген.

Ага чейин The Washington Post гезити азырынча Иран тарабы беките элек алкактык келишим Тегерандын жогорку деңгээлде байытылган уран запастарынан баш тартуусун карай турганын жазган. Бирок Иран бийлиги уранды сыртка чыгарууга даяр экени тууралуу маалыматты четке каккан.

24-майда Дональд Трамп тараптар дээрлик бардык келишимдер боюнча макулдашууга жетишкенин жана жакын арада бул тууралуу жарыя жасаларын билдирген.

Маалымат каражаттарынын жазышынча, тараптар жакынкы күндөрү өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшу мүмкүн. Документте Ирандын өзөктүк курал жасабоо милдеттенмеси каралат. Ал эми АКШ Иран портторуна карата блокаданы алат.

Ошондой эле Вашингтон айрым санкцияларды алып салууга даяр экени айтылууда. Бул Иранга мунайды эркин сатууга мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Мындан тышкары, акыркы келишим кабыл алынган учурда АКШ 60 күндүн ичинде Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу маселесин талкуулоого даяр экени кабарланды.