Ирандын өлкөнүн түштүгүндөгү АКШнын жаңы соккуларына берген жообу мунай бааларынын кескин жогорулашына алып келиши мүмкүн, деп билдирди өлкөнүн “Хатам аль-Анбия” аскердик командачылыгынын басма сөз катчысы Эбрахим Золфагари.
“Америка өкмөтү күч тилин гана түшүнөрүн бир нече жолу көрсөттү. 200 долларлык мунайга даярдангыла”, – деп жазган ал X соцтармактагы баракчасына.
Золфагаринин айтымында, Вашингтон аймактагы аскердик авантюраларын уланта берсе, эч кандай макулдашууга жетишилбейт.

26-майга караган түнү АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Fox News каналына АКШ күчтөрү Ирандын түштүгүнө сокку урганын ырастаган. Алар соккулар АКШнын аскер кызматкерлерин Ирандын куралдуу күчтөрүнүн коркунучтарынан коргоо үчүн өзүн-өзү коргоо максатында жасалганын такташты.
Ошол эле учурда бул соккулар коргонуу максатында гана жасалганы, ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин бузулушу тууралуу сөз болбогону белгиленген.