Израиль-Ливан сүйлөшүүлөрү: ок атышууну токтотуу аракетиби же «Хезболланы» куралсыздандыруубу?

Ливандын расмий өкүлдөрү өлкөдө ок атышууну токтотуу үчүн Израиль менен түз сүйлөшүүдөн башка арга жок экенин айтышууда, бирок израилдик булактар ​​бул сүйлөшүүлөр тууралуу башка версияны айтып жатышат.

Fars News маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, 2-июнь күнү Вашингтондо өткөн Ливан менен Израилдин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы «Ливан армиясынын ролун күчөтүү, “Хезболланын” таасирин азайтуу, ал тургай аны куралсыздандырып, аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жоюу жолдору» болгон.

Израилдин 11-каналы ушул маалымат менен башталган баяндамасында Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн көмүскө жагына токтолуп, Ливан менен Израилдин делегациялары АКШдагы жолугушууда Ливандагы “Хезболланын” курал-жарактары жана таасири менен күрөшүү жолдорун талкуулашканын билдирди.

Бул аракеттер АКШнын жаңы коопсуздук тартибин иштеп чыгуу аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Анын ичинде ливандык күчтөрдү окутуу жана алардын өлкө аймагындагы жайгашуусун кеңейтүү маселелери каралууда.

АКШ–Израилдин «Хезболлага» каршы кутуму

Израилдик телеканал коопсуздук булагына таянып билдиргендей, АКШ өкмөтү Ливан армиясын америкалык күчтөр аркылуу окутуу жана күчтөндүрүү боюнча план даярдап жатат. Бул Ливан армиясынын өлкөнүн бардык аймактарына жайгашуу мүмкүнчүлүгүн арттырууга жардам берет.

Булактын айтымында, АКШнын кийинки максаты — Ливан армиясынын өлкөнүн түштүгүндө жана Бейрут аймагында «Хезболланын» таасир борборлоруна каршы аракеттенүү жөндөмүн күчөтүү. Израиль да бул долбоорду чечкиндүү колдоп жатат жана учурдагы Ливан–Израиль сүйлөшүүлөрү дал ушул багытта жүрүүдө.

Ал ошондой эле Израиль менен Ливан бул маселеде «так макулдашууларга» жетишкенин белгиледи. АКШнын кысымы астында Израил Бейруттун түштүк чет жакаларына ушул этапта кол салбоого убада берди, бул маселе сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көтөрүлгөн келишимдердин бир бөлүгү болуп саналат.

Израилдик булактардын маалыматына караганда, Израиль өз күчтөрүнүн Ливанда ээлеп турган аймактарында калышына Американын макулдугун да алган. Израил бул аймактарды “коопсуздук зонасы” деп атап, ээлеп алган.

Ливан өкмөтүнүн Израиль менен сүйлөшүүгө болгон өзгөчө өжөрлүгү

Ливандын президенти Жозеф Аун сүйлөшүүлөр башталар алдында: «Сүйлөшүүдөн башка жол жок», — деп билдирген. Ал согушту сүйлөшүү жолу менен токтотууну багынуу же жеңилдик берүү катары баалабоо керектигин айткан.

Ал эми Израиль болсо «Хезболланы» куралсыздандыруу талабын улантууда. Өз кезегинде «Хезболла» курал маселеси Ливандын ички иши экенин жана Израиль менен жүргүзүлүп жаткан эч бир сүйлөшүүнүн бөлүгү болбой турганын белгилеп келет.

«Хезболлага» каршы позициядагы айрым ливандык маалымат каражаттарынын билдиришинче, Израиль «Хезболланын» өкүлдөрүнүн «Бейруттун түштүк чет жакаларына чабуулдарды токтотуунун ордуна Израилге соккуларды токтотуу» формуласын четке каккан билдирүүлөрүнө нааразы болгон. Израилдин пикиринде, мындай билдирүүлөр сүйлөшүү процессин татаалдаштырууда.

«Хезболланын» Саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Махмуд Камати партия жарым-жартылай ок атышууну токтотуу боюнча бардык сунуштарды четке кагарын билдирди.

АКШ өкмөтүндөгү бир өкүл Израилдин 11-каналына берген маегинде Вашингтондун негизги максаты Ливандагы кагылышууну көзөмөлдөп туруу жана анын кеңейип кетишине жол бербөө экенин айтты. Бирок ошол эле учурда ал Израилдин Ливандын түштүгүндө аскердик операцияларды жүргүзүүсүнө эч кандай чектөө коюлбаганын белгилеген. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп муну менен Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Ливан маселеси негизги маселеге айланбашы үчүн чыңалуунун күчөшүнө жол бербөөгө аракет кылганын баса белгилеген.