ЖМК: Бахрейн, Кувейт жана БАЭ аба мейкиндигин жапты

Бахрейн, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттарынын аба мейкиндиги жабылганын ирандык Fars News маалымат агенттиги араб маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен кабарлады.

“Бахрейн, Кувейт жана БАЭде каттамдар толугу менен токтотулду”, – деп айтылат аталган агенттиктин Telegram-каналындагы билдирүүдө.

Маалыматта аэропорттордун иши жана бардык каттамдар аба соккуларынан улам токтотулганы белгиленет.

Араб маалымат каражаттары Бахрейн эл аралык аэропортундагы, Кувейт эл аралык аэропортундагы жана Дубай менен Абу-Дабидеги аэропорттордогу каттамдар кийинки билдирүүгө чейин токтотулганын билдиришти. Бул чечим бул өлкөлөрдүн бир нече шаарларында эскертүүчү сиреналар жаңырып, абадан коргонуу системалары аба соккуларына каршы туруу үчүн иштетилгенден кийин кабыл алынган.

3-июнга караган түнү АКШ менен Иран бири-бирине кайрадан сокку урушту.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык күчтөр Ислам Республикасынын Кешм аралындагы жердеги башкаруу борборуна сокку урганын билдирди.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу аскердик объектке жасалган соккуларга жооп катары Бахрейндеги АКШнын аскер деңиз күчтөрүнүн бешинчи флотунун штаб-квартирасына, ошондой эле аймактык өлкөлөрдөгү америкалык аба базасына жана тик учак аянтчасына ракеталык жана дрондук чабуулдарды жасады. Ирандык күчтөр ошондой эле  Ормуз кысыгынын жанында ирандык мунай танкерине жасалган соккуга жооп катары АКШ менен байланышкан кемеге чабуул жасады.

АКШнын аскерлери бир нече баллистикалык ракеталарды жана дрондорду ийгиликтүү атып түшүрүшкөнүн маалымдашты.