Ирандын Онкология институтунун Улуттук ооруканасынын жаңы имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул борбор Жакынкы Чыгыштагы рак ооруларын дарылоого адистешкен эң ири ооруканалардын бири болуп саналат.
Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги кабарлады.еран медициналык илимдер университетинин жетекчиси Сейед Реза Раис Карими оорукананын курулуш мезгилинде коронавирус пандемиясы, өлкөдөгү өзгөчө шарттардан улам жаралган чектөөлр, экономикалык жана инфляциялык кыйынчылыктар сыяктуу көптөгөн тоскоолдуктар болгонун, бирок ага карабастан долбоор алты жылга жетпеген убакыттын ичинде ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.
Анын айтымында, жаңы ооруканада балдар жана чоңдор арасындагы рак оорулары, кан рагы, жилик чучугунун оорулары, баш жана моюн шишиктери сыяктуу көптөгөн онкологиялык оорулар боюнча диагностика жана дарылоо кызматтары көрсөтүлөт. Бул жерде өлкөнүн алдыңкы адистери эмгектенет.

Ал бул борбордун негизги милдеттеринин бири — рак ооруларын дарылоо менен катар билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү экенин белгилеп, келечекте Улуттук рак лабораториясын ачуу жана изилдөө инфраструктурасын кеңейтүү пландалып жатканын билдирди.
Тегеран медициналык илимдер университетинин жетекчиси бул борбордун негизги миссияларынын бири — дарылоо кызматтарын көрсөтүү менен катар рак тармагындагы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү экенин баса белгиледи. Ал Улуттук рак лабораториясын ишке киргизүү жана илимий инфраструктураны толуктоо аркылуу онкологиялык оорулардын алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана заманбап илимий изилдөөлөрдүн толук чынжырын түзүүгө үмүт артарын айтты.

Карими бул борбор эки ай мурда эле айрым кызматтарды көрсөтө баштаганын, ушул убакыт аралыгында бир топ операциялар жана адистештирилген медициналык кызматтар көрсөтүлгөнүн, оорукананын мүмкүнчүлүктөрү толук ишке киргенден кийин бейтаптар үчүн кызматтар дагы кеңейтилерин кошумчалады.
Ал ошондой эле керектүү жабдуулар жана инфраструктура толукталгандан кийин Онкология институту өлкөдөгү рак тармагынын негизги илимий борбору катары өз ролун дагы да күчөтүп, элге татыктуу кызмат көрсөтөрүнө ишеним билдирди.

Имам Хомейни атындагы оорукана комплексинин жетекчиси Абдулрахман Ростамиян жаңы борбор рак менен ооругандар үчүн адистештирилген жана жогорку технологиялуу кызматтарды жеткиликтүү кыларын белгиледи.
Ал институттун жаңы стратегиясы дарылоо менен гана чектелбей турганын белгиледи. Борбор рак ооруларынын алдын алуу, ооруну аныктоо, эрте диагностика жүргүзүү, дарылоо жана дарылоодон кийинки көзөмөл кызматтарын толук камтыган системаны түзүүнү көздөйт.
Анын айтымында, жаңы имарат бейтаптарды тезирээк кабыл алууга, хирургиялык операцияларды, радиотерапияны, химиотерапияны жана трансплантация кызматтарын кеңейтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, рак ооруларын алдын алуу, эрте аныктоо, тамеки чегүүнү азайтуу жана заманбап клеткалык терапия сыяктуу кызматтарды өнүктүрүү да борбордун негизги багыттарынын бири болот.