НАТОго мүчө мамлекеттер алдыдагы Анкарадагы саммитте Украинадагы жаңжал, Ирандын айланасындагы кырдаал, Перс булуңундагы өлкөлөр жана Палестина маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын урматына уюштурулган түшкү кабыл алууда билдирди.
«НАТОнун коопсуздукка болгон комплекстүү мамилесинин алкагында биз дүйнөлүк жана аймактык окуяларды, биринчи кезекте Украинадагы кырдаалды, Иранды, Перс булуңундагы өлкөлөрдү жана Палестина маселесин талкуулайбыз», – деди Эрдоган.
Түрк лидери белгилегендей, быйылкы саммиттин өзгөчөлүктөрүнүн бири коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулушу болот.
Анын айтымында, жолугушуунун алкагында НАТОнун Коргонуу өнөр жай форуму өтүп, анда Түркия өзүнүн акыркы аскердик-техникалык иштеп чыгуулары менен тааныштырып, союздаш өлкөлөр менен бул тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.
Эрдоган ошондой эле форумдун катышуучулары акыркы жылдары олуттуу ийгиликтерге жетишкен түрк коргонуу-өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышарын белгиледи.
НАТОнун саммити 7–8-июль күндөрү Анкара шаарында өтөт. Жыйындын негизги темаларынын бири альянстын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, мүчө мамлекеттердин аскердик чыгымдарын көбөйтүү жана жамааттык коопсуздук маселелери болмокчу.
Ошол эле учурда саммиттин алдында Анкаранын борборунда Түркиянын «Ватан» (Vatan Partisi) партиясынын жана ага байланышкан коомдук уюмдардын өкүлдөрү НАТОго каршы жүрүш өткөрүштү.
«НАТО саммитине – жок!» деген ураан менен өткөн акцияга «Ватан» партиясынын, Түрк жаштар биримдигинин (TGB) жана Республикачы аялдар ассоциациясынын (CKD) өкүлдөрү катышты. Жүрүштөн кийин Кызылай аянтында митинг уюштурулду.
Митингде сүйлөгөндөр НАТОну жана түрк бийлигинин саясатын кескин сынга алып, альянс өз маанисин жоготконун жана Түркиянын кызыкчылыктарына жооп бербей калганын билдиришти. Алар Анкараны НАТОдон чыгып, Россия, Кытай жана Иран менен стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырышты.
«НАТО өлдү. Түркия өзүнүн келечегин бул түзүм менен байланыштырбашы керек», – деди «Ватан» партиясынын Анкарадагы бөлүмүнүн жетекчиси Утку Рейхан.
Акциянын жүрүшүндө уюштуруучулар НАТОну символдоштурган «табыт» орнотушуп, митинг аяктагандан кийин катышуучуларга «НАТОнун азасына» арналган халва таратышты.
«Ватан» (Vatan Partisi) – Түркиядагы солчул улутчул саясий партия. Аны Догу Перинчек жетектейт. Партия Түркиянын НАТОдон чыгышын, Россия, Кытай жана Иран менен стратегиялык кызматташууну күчөтүүнү, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатында евразиялык багытты карманууну жактайт.