АКШнын укук коргоо органдары футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталгандан бери стадиондордун жана башка спорттук объектилердин жанында уруксатсыз учурулган 400дөн ашык дронду кармашты.
Бул тууралуу АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) директору Кэш Пател билдирди.
Анын айтымында:
«Өлкө боюнча башка кызматтар менен биргеликте учууга тыюу салынган аймактардын жанында учурулган 400дөн ашык учкучсуз учуучу аппаратты кармадык», — деп жазды Пател X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал ошондой эле дүйнө чемпионатын кабыл алып жаткан АКШнын бардык 11 шаарында дрондорду кармоо үчүн атайын жердеги топтор жайгаштырылганын белгиледи.
Буга чейин АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы (ЖAБ) дүйнө чемпионатынын беттештери жана башка иш-чаралары өтө турган 23 стадиондун жана спорттук объекттин айланасында учууга тыюу салынган аймактар киргизилерин билдирген.
Белгиленген эрежелерди бузган жарандарга 75 миңден 100 миң АКШ долларына чейин айып пул салынышы мүмкүн. Мындан тышкары, алардын дрондору мамлекеттин пайдасына конфискацияланат.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтүүдө.