Австриянын Германия менен чектеш Кирхберг об-дер-Донау шаарында куралчан адам изделүүдө. Bild басылмасынын маалыматына караганда, мергенчи шаардын мэри Франц Хоферди, андан соң аңчылык менен байланышы бар дагы бир адамды атып өлтүргөн. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, бул ишке шектүү катары ушул шаардын 56 жаштагы тургуну Роланд Дрекслер эсептелет. Австриялык басылмалар киши өлтүрүүгө аңчылык укугуна байланыштуу чыр-чатактар себеп болушу мүмкүн деп жазышууда. Кырдаалдын курчушуна байланыштуу полиция айрым жергиликтүү аткаминерлерди коргоого алды. Кирхбергдин жашоочулары өз кезегинде дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүн…
Прочитайте больше01
“Хезболланын” жаңы лидери Наим Касем болду
Ливандык “Хезболла” кыймылынын жаңы лидери болуп Наим Касем шайланды. Кыймылдын билдирүүсүндө “Хезболланын” башкы башкаруу органы болгон Шура кеңеши кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шейх Наим Касемди шайлаганы белгиленет. “Биз “Хезболланын” максаттарына жетүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө жана жеңишке жеткенге чейин каршылыктын жалынын жаркыратып жана анын желегин көтөрүүгө убада беребиз”, – деп айтылат документте. Буга чейин Касем “Хезболланын” башкы катчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Ал кыймылдын көптөн берки лидери болгон Хасан Насрулланын ордуна келди. Насрулла 27-сентябрда…
Прочитайте большеИзраил БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин өз аймагында иштөөсүнө тыюу салды
Израил парламенти (Кнессет) БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (БАПОР) Израилдин аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты. “UNRWA Израил мамлекетинин эгемендүү аймагында эч кандай миссияларды аткарбайт жана эч кандай кызмат көрсөтпөйт”, – деп айтылат биринчи мыйзам долбоорунда. Экинчи мыйзам долбоору БАПОРго берилген преференцияларды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана дипломатиялык статустарды алып салат жана бийликтерден агенттик менен болгон иш мамилелерин токтотууну талап кылат. Эки…
Прочитайте большеИран аскердик бюджетин үч эсеге көбөйтөт
Израилдин чабуулунан кийин Иран коргоо министрлигин каржылоону көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги Иран өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди. Иран өкмөтүнүн спикери Фатема Мохажерани Израилдин Ислам Республикасынын аскерий инфраструктурасына жасаган чабуулуна жооп катары Тегеран аскердик министрликтин бюджетин былтыркыга салыштырмалуу 200% (б.а. үч эсе) көбөйтүүнү чечкенин жарыялады. Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча, Ирандын аскердик бюджети 2024-жылы 16,4 миллиард долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 20% өскөн. Салыштыруу үчүн, ушул эле институттун маалыматы боюнча, 2021-жылы Ирандын аскердик…
Прочитайте большеИрадын ТИМ башчысы Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды
Ирадын Тышкы иштер министри (ТИМ) Аббас Аракчи Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми менен телефондон сүйлөшүүсүндө Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды. Тараптар сүйлөшүү учурунда аймактагы акыркы абалдарды талкуулашты. Аракчи Ирандын бир катар аскердик жана коргонуу борборлоруна каршы жасалган израилдик режимдин агрессивдүү аракеттерине карата Ирандын позициясын түшүндүрүп жатып, Ислам Республикасы өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендүүлүгүн эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун кабыл алынган принциптерине ылайык коргоо боюнча өзүнө таандык жана мыйзамдуу укугун ишке ашыруудан…
Прочитайте больше“Хезболла”: Ливандын түштүгүндө 90 Израилдин аскери набыт болду
“Хезболла” Израилдин аскерлери менен ийгиликтүү беттешип, Ливандын түштүгүндө беш фронтто адам күчү жана техникасы жагынан аларга чоң жоготууларды алып келүүдө. Бул тууралуу ТАСС агенттигинин Telegram каналында жайгаштырылган түзүмдүн коммюникесинде айтылат. Анда 1-октябрдан бери кагылышуулардын жүрүшүндө каршылык көрсөтүү күчтөрү Израилдин 90дон ашык солдаты менен офицерин өлтүргөндүгү, дагы 750 адам жарадар болгондугу белгиленген. Мындан тышкары 38 Меркава танкы, 4 бульдозер, 4 бронетранспортер жана БТР башкарылуучу ракеталар менен атылып, 3 Hermez 450 жана 1 Hermez 900 учкучсуз учак…
Прочитайте больше“Хезболла” Израилдин базаларына 80дей ракета атты
Ливандык “Хезболла” кыймылы Израилдин түндүгүндөгү оккупацияланган аймактардагы жети аскерий базасына 80ден ашык ракета жана снаряддарды атты. Израиль армиясы ишембиде “Хезболланын” операциялары учкучсуз учактар менен ракеталык соккуларды камтыганын билдирди. Ливандык кыймылдын билдирүүсүнө караганда, ракеталык сокку Рас-ан-Накурага жакын жерде израилдик аскерлер топтолгон жерге жасалган. Мындан тышкары, “Хезболла” Сафадда жайгашкан Израилдин чалгындоо кызматынын түндүк округ боюнча башкы штабы болгон Мишар базасына бир катар ракеталарды учурушкан. Башка операцияда кыймылдын жоокерлери Хайфанын түндүгүндөгү Кирьят аймагын бутага алып, Израиль басып алган…
Прочитайте большеАббас Аракчи: Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат
Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында камтылган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык, Израилдин кылмыштуу агрессиясына тиешелүү убакта мыйзамдуу жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Израилдин агрессивдүү чабуулуна байланыштуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Коопсуздук Кеңешинин октябрдагы төрагасы Паскаль Кристин Берисвилге жазган катында айтылат. Анда Аракчи израилдик режимдин Иранга каршы атайылап жана агрессивдүү аракеттерин айыптады. “Сионисттик режимдин тынымсыз жана системалуу кол салууларынын кесепеттерин эске алып, Иран Ислам…
Прочитайте большеАгрессияга тиешелүү жооп кайтарылат. Ирандын жетекчилиги Израилдин чабуулуна комментарий берди
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана президенти Масуд Пезешкиан Израилдин чабуулуна комментарий беришти. Аятолла Али Хаменеи Израиль Иранга сокку урууда жаңылып калганын айтты. Бул туурасында ал шейит болгон коопсуздук күчтөрүнүн үй-бүлөлөрү менен жекшембиде болгон жолугушууда билдирди. Ал өз сөзүндө Израилдин Иранга жасаган соккусун ашыкча баалоого ошол эле учурда эч нерсе болгон жок деп көңүлгө албай коюуга да болбой турганын айтты. “Алар (Израиль – ред.) Иранга байланыштуу жаңылыш эсептөөлөрдү жасашты. Анткени алар Иранды жана Ирандын жаштарын жана…
Прочитайте большеОрусия дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын тизмесинде биринчи орунга чыкты
Дүйнөдөгү эң күчтүү отуз мамлекеттин армиясынын тизмесинде постсоветтик өлкөлөрдөн Украина, Өзбекстан жана Азербайжан бар. Кыргызстан бул катарга кирген эмес. Азербайжандын куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын рейтингине кирет. Бул тууралуу Caliber.Az америкалык U.S. басылмасынын маалыматына таянуу менен билдирди. News and World Report басылмасынын жазганына караганда, Азербайжан армиясы рейтингде 29-орунга чыкты. Рейтингге ылайык, Орусия Федерациясы дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын тизмесинде 1-орунда, ал эми Украина 8-орунда. Рейтингде 2-орунда АКШ, 9 миллион калкы бар Израил 3-орунда, 1,4 миллиард…
Прочитайте большеДохада Газадагы элдешүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Катардын борборунда Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана Израилге кол салуу учурунда “Хамас” тобу тарабынан туткунга алынган барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды, деп билдирет «Казинформ» Би-Би-Сиге шилтеме берүү менен. Америка Кошмо Штаттарынын, Израилдин жана Катардын сүйлөшүүчүлөрү жекшемби күнү Дохада жолугуп, келишимге жетишүү аракеттерин талкуулашмак, деп билдирди CNN дипломатиялык булакка таянуу менен. Бул эки айдан ашык убакыттын ичинде келишимге жетишүү үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы. Жекшемби күнү Египет Газадагы барымтадагы төрт израилдик Израилдин түрмөлөрүндө кармалып…
Прочитайте большеГрузиянын парламенти президент менен оппозиция төңкөрүшкө даярданып жатканын билдирди
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жана оппозициялык партиялар төңкөрүш жасоого негиз даярдоо үчүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп аташууда, деп билдирди парламенттин спикери Шалва Папуашвили брифинг учурунда. “Бул сцена алдын ала даярдалган: шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп табуу, андан соң техникалык өкмөт түзүү, мунун баары алар багыт алган төңкөрүштүн сценасы. Муну менен алар конституциялык түзүлүштү бузууда. Грузия буга жол бербейт”, – деди саясатчы. Папуашвили шайлоо алдында дагы грузин оппозициясы бейөкмөт уюмдарды тартуу менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча…
Прочитайте большеКыргызстандын ТИМи Израилдин Иранга сокку уруусуна байланыштуу билдирүү жасады
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 26-октябрда билдирүү таратып, Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди. Маалыматта Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта экени белгиленет. ТИМдин 26-октябрда тараткан дагы бир билдирүүсүндө Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирери айтылат. “Кыргызстан тараптарды мындан…
Прочитайте большеЖМК: Иран Израилдин чабуулу учурунда 20 аскердик объекти талкаланганы тууралуу маалыматты четке какты
Израилдин Иранга жасаган соккусу 20 бутага тийген жана Израилдин 100 согуштук учагы катышкан деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу Tasnim агенттиги өз булагына таянып билдирди. Анын маалыматы боюнча, иш жүзүндө сокку урулган буталардын саны 20га да жетпейт. Ошондой эле ал агенттикке сокку өлкөнүн сыртынан жасалганын жана келтирилген зыян «чектелгендигин» ырастады. «Соккуга Израилдин 100 согуштук учагы катышты деген маалымат да толугу менен жалган. Израиль жөн эле өзүнүн алсыз чабуулунун масштабын көбүртүп-жабыртып көрсөтүүгө аракет кылууда», – деп билдирди…
Прочитайте большеАКШ Иранды Израилдин соккусуна жооп бербөөгө чакырды
Америка Кошмо Штаттары Иранды Израилдин азыркы соккусуна жооп бербөөгө чакырат жана жөөт мамлекетинин бул операциясын эки тараптын ортосундагы аскердик тирешүүнүн бүтүшү деп эсептейт. Бул тууралуу америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлү жума күнү кечинде Израилдин Иранга жасаган соккусуна арналган журналисттер үчүн атайын брифингде сүйлөп жатып билдирди, деп жазат ТАСС. “Израиль менен Ирандын ортосундагы түздөн-түз аскердик соккуларды алмашууга келсек, биз чындап эле бул (жөөт мамлекетинин учурдагы операциясы) түз алмашууну аягына чыгарышы керек деп эсептейбиз”,- деди АКШнын аткаруу…
Прочитайте больше