Иран гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болгонун жар салды

Иран гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болгонун жар салды

“Ирандын коргоо өнөр жайынын адистери гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болушканын, ракета учурда сыноо баскычында экенин жар салышты. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги жазды. Ирандын канаттуу ракеталарынын жаңы мууну катары белгилүү болгон бул ракета учурда сыноолордон өтүп жатат. Ал  өлкөнүн коргонуу технологиясында жаңы барак ачат, анткени үндүн ылдамдыгынан да тез учкан мындай канаттуу ракетаны кармоо өтө кыйын”, – деп айтылат маалыматта. Маалыматта бул технологияга жетишүү – ирандык канаттуу ракеталардын ылдамдыгы бир топ жогорулай тургандыгы жана бул ракеталар менен күрөшүү…

Прочитайте больше

Нигердеги козголоң: өлкөдө жаңы өкмөт түзүлдү

Нигердеги козголоң: өлкөдө жаңы өкмөт түзүлдү

 Нигерде бийликти басып алган козголоңчулардын лидери генерал Абдурахман Тчиани өткөөл өкмөт түзүү тууралуу жарлыкка кол койгонун ActuNiger порталы билдирди. “Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” төрагасы, мамлекет башчысы 2023-жылдын 9-августунда өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду”, – деп жазылат маалыматта. Кабинетке 21 министр кирди. Ошол эле учурда берилген тизме боюнча саналуу гана адамдардын аскердик наамы бар. Нигердин козголоңчулары тарабынан дайындалган премьер-министри Ламин Зейн Али Махамане билими боюнча финансист. 2003-2010-жылдары каржы министри болуп иштеп, кийин мамлекеттик төңкөрүштөн улам кызматынан ажыраган. Акыркы…

Прочитайте больше

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

1945-жылдын августунда америкалык учкучтар Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбаларды ташташкан. Атомдук жарылуудан жана анын кесепетинен 350 миң калкы бар Хиросимада 140 миң адам, 200 миңге жакын калктуу Нагасакиде 74 миң киши каза болгон. Атомдук бомбалоонун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү карапайым калк болгон. Япондуктар Хиросима менен Нагасакидеги каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын 6-9-августта эскеришет. Америкалык учкучтар Хиросимага “Балакай” деп аталган бомбаны таштап, акыркы 43 секундду санашкан. Ал эми бир аздан кийин башына өлүм келе турган адамдар…

Прочитайте больше

Сауд Аравия элчилиги Иранда ишин баштады

Сауд Аравия элчилиги Иранда ишин баштады

 Сауд Аравиянын элчилиги төрт күн мурда Тегеранда өз ишин кайра баштады. “Сауд Аравиянын элчилиги 6-августа, жекшемби күнү Ирандын борбор калаасында өз ишин расмий түрдө кайра баштады”,- деп айтты Иран тышкы иштер министрлигинин булагы. Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Пекиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөр Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр жарашуу менен аяктап, жакын арада дипломатиялык мамилелерди баштоо сүйлөшүлүп,  эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу чечими кабыл алынган. 6-июнда Ирандын Эр-Рияд жана Жиддадагы элчилиги менен консулдугу…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

 Эмгекчилдик же иштермандык адамдын артыкчылык сапатыбы же кемчилигиби? Деги алар коомго пайда келтиришеби же зыяны тиеби? Эмгекчил адамдар дайыма жаны тынч албай иштешкендигине карабай, айрым психологдор аларды коом үчүн коркунучтуу деп эсептешет. Эгер эмгекчилдер болбосо, анда бизде Дисней мультфильмдери жана Microsoft системасы жасалмак эмес. Бул продукцияларды түзгөн адамдар эң оболу эмгекти баарынан биринчи орунга коюшкан. Бирок жаны тынбай иштегендердин баары эле өзүнүн энергиясы менен күч-кубатын пайдалуу ишке жумшап, ийгиликке жетише бербейт. Тегерегинде жумуштан башканы көрбөгөн…

Прочитайте больше

Эрдоган Россия менен Украинага ортомчу болобу?

Эрдоган Россия менен Украинага ортомчу болобу?

 Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен пландалып жаткан жолугушууда Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоону сунуш кылуу ниетинде. Бул тууралуу түрк лидеринин администрациясындагы булак РИА Новостиге билдирген. “Президент мырза (Тайип Эрдоган – ред.) жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну сунуштайт. Ал согушта жеңүүчү, ал эми тынчтык процессинде жеңилген болбойт деген тезисти кайрадан айтат”, – деди маалымат булагы. Анын айтымында, Анкара ок атууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону жактайт. Булак Эрдоганды Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин чын ишенимине…

Прочитайте больше

Сауд Аравия 8 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына электрондук виза бере баштайт

Сауд Аравия 8 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына электрондук виза бере баштайт

 Кыргызстандын жарандары Сауд Аравияга баруу үчүн электрондук виза ала алышат. Бул тууралуу Падышалыктын Туризм министрлиги соцтармактагы баракчасынан билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, Сауд Аравияга электрондук визаны Кыргызстандын жарандарынан тышкары Албания, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Мальдив аралдары жана Түштүк Африканын жашоочулары да ала алышат. Министрлик бул виза менен саякаттоого, эс алууга, туугандарына жана досторуна зыярат кылууга, умра зыяратына барууга болорун билдирди. Сауд Аравиянын электрондук визасы бир жылдык мөөнөткө берилет жана туристтерге өлкөдө 90 күнгө чейин калууга мүмкүндүк…

Прочитайте больше

Талибандын 200дөн ашуун өкүлү Казакстанга барышты

Талибандын 200дөн ашуун өкүлү Казакстанга барышты

  Кечээ, 1-августта Астанага Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи жетектеген бизнес делегациянын 200дөн ашуун өкүлү келди. Келген конокторду борбор калаанын аэропортунан Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин тосуп алды. “Биз Ооганстандан келген делегацияны тосуп алдык. 200дөн ашык адам”, – деп жазды Жумангарин Твиттердеги баракчасына. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Ооганстан эң көп Казакстан менен соода жүргүзөрүн белгилеп, бул өлкө менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалаган. Делегациянын курамында Ооганстандын Борбордук…

Прочитайте больше

Баткен облусунда 36 дин кызматкерине эскертүү берилди

Баткен облусунда 36 дин кызматкерине эскертүү берилди

 Эгер алар кемчиликтерин оңдобосо, жумуштан алынат. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалгы жана Баткен облустук казыятынын, ошондой эле хатибияттын буйрук, тапшырмаларын аткарууда кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн 36 дин кызматкерине эскертүү берилди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Эгерде кызматкерлер кемчиликтерин жакшыртып, активдүү иш алып барууну жандандырбаса, кызматынан токтоосуз бошотулары эскертилди. Белгилей кетсек, облус аймагында жалпы 535 мечит, 16 медресе бар. Алардын 36 дин кызматкерине расмий эскертүү берилген. Дин кызматкерлеринин арасында 1 райондун баш имам-хатиби жана 3 медресе мүдүрү…

Прочитайте больше

Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды

 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдарын элдин диний сезимдерине таасир эткен Куранды өрттөө боюнча акцияларга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Кулубаев кечээ, 31-июлунда швед тараптын демилгеси менен Швеция Королдугунун Тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. “Билльстрём Ыйык Курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде Министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир…

Прочитайте больше

Швеция парламентинин алдында кайрадан Куран өрттөлдү

Швеция парламентинин алдында кайрадан Куран өрттөлдү

 Ирактык мигранттар Стокгольмдо парламент имаратынын алдында Куранды өрттөп жиберишкенин РИА Новости швециялык Aftonbladet гезитине таянуу менен билдирди. “Дүйшөмбү күнү Швециянын Риксдагынын жанында эки адам Куранды өрттөштү”, деп жазган басылма. Маалыматка караганда, акциянын уюштуруучулары Салван Момика менен Салван Нажем мусулмандардын ыйык китебин тебелеп, андан соң өрттөп жиберишкен. Акцияны өткөрүүгө Стокгольмдун полициясы уруксат берген. Эске салсак, июль айында “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында бир нече жолу Куранды өрттөп, 25-июлда мындай акцияны…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Куранды мазактаган өлкөлөр менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады

Ирандын ТИМ башчысы Куранды мазактаган өлкөлөр менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөргө Куранды мазактоо акциялары кайталанган мамлекеттер менен мамилени кыскартууну же үзүүнү сунуштады. Ал Дания жана Швецияда Курандын мазакталышына байланыштуу Иран, Ирак жана Сауд Аравиянын сунушу менен Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин виртуалдык жыйыны өткөрүлгөнүн билдирди. “Мен бул аракеттер үчүн эл аралык кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү, ИКУнун делегацияларын бул эки өлкөгө (Швеция жана Дания – ред.) жөнөтүүнү, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону, (акциялар – ред.) кайталанган учурда мамилелердин…

Прочитайте больше

Биз көргөн Иран. Видео

Биз көргөн Иран. Видео

 Иран дегенде көпчүлүк санкциянын алдында жашаган, өнүкпөгөн, аялдардын укугу корголбогон, коопту өлкө деп ойлошот… Бул жолу кыргызстандык тележурналисттер Иранга таанышуу сапары менен барып, ал өлкөнүн заманбап жашоосун көрүп келди. Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 адам барган. Пресс-турду “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү (“Eurasia Today” агенттиги) уюштурду. Сапардын максаты – Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу. Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө болгон сапардын…

Прочитайте больше

Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, анткени эркектери буга жол бербейт

Иран аялдары оор жумушта иштебейт экен, анткени эркектери буга жол бербейт

 “Умма” ислам журналынын журналисти Апышова Кундуз мурда Иранды өнүкпөгөн, эркиндик жок, мээ какшыткан ысык, кумдуу чөл, аялдары капкара кийинип жүрөт деп элестетип жүргөн. Бирок ал жакында бул өлкөгө баргандан кийин мындай ою таптакыр өзгөрдү. Бул тууралуу ал биз менен болгон маегинде айтып берди. Кундуз, жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы менен бирге Ислам республикасына таанышуу иш сапары менен барып келген. Ал Батыш ММКлары Иран тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жүргөндүгүнө ынанганын…

Прочитайте больше

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ошондуктан бул күнгө өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Ашура күнү кандай окуялар болгондугун алдыда биле аласыз: • Аалам, периштелер жана Адам (а.с) жаратылган. • Адам (а.с) тобосу кабыл кылынган. • Муса пайгамбар (а.с) жана анын эли фараондун эзүүсүнөн кутулушкан. Заалым фараон кыйроого учураган. • Ибрахим пайгамбар (а.с) төрөлгөн жана Намруддун отунан сак-саламат чыгарылган. • Аюб пайгамбар (а.с) катуу оорудан айыгып, азаптардан куткарылган. • Юнус пайгамбар (а.с) киттин ашказанынан аман-эсен чыгарылган. • Сулайман пайгамбарга (а.с) өкүмдарлык тартууланган….

Прочитайте больше
1 32 33 34 35 36 186