Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза тапты

Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза тапты

Пакистан менен Ооганстанда 21-март күнү кечинде катталган күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенде 13 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, тогуз киши Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтанхва провинциясында мерт болсо, төрт киши Ооганстандын Лагман провинциясында каза тапты. Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Журм уездинен түштүктү карай 40 чакырым аралыктагы жерде орун алды. Пакистандык The New гезити бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Сват окуругундагы ооруканаларга жаракат…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат. Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», – деп…

Прочитайте больше

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

 Финляндия алтынчы жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Мындай жыйынтык БУУнун тапшырмасы менен эксперттер тобу тарабынан даярдалган “World Happieness Report” докладында айтылат. Быйыл Финляндия кайрадан биринчи орунга илинип, экинчи жана үчүнчү катарды Дания менен Исландия ээледи.  Алдыңкы ондуктун ичинен Израиль өлкөсү эң чоң өсүштү көрсөттү – ал быйыл тогузунчу орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү. Андан кийинки орундарды Нидерландия, Швеция, Норвегия, Швейцария, Люксембург жана Жаңы Зеландия ээледи. Рейтингде Кыргызстан 62 орунда турат.  Россия быйыл…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды

Си Цзиньпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды

 Бүгүн, 20-мартта Москвага Кытайдын лидери Си Цзиньпин барды. Бул анын Украинада согуш башталгандан берки Орусияга жасаган алгачкы сапары болуп калды. Бул сапардын алдында Кытайдын “Жэньминь жибао” аттуу ири гезитине орус президенти Владимир Путиндин “Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк” деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндеги версиясы Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан “көп нерсе күтүп жатканын” белгилеген. “Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган…

Прочитайте больше

Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

 Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: – Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы; – Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө. Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Прочитайте больше

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

 Сириянын президенти Башар Асад АКШнын гегемониясына каршы турууну көздөгөн өлкөлөр коалиция түзүшү керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди. “СССР кулагандан бери кеминде отуз жыл же андан да көп – Корей согушунан бери созулган америкалык агрессияны токтото турган кандайдыр бир мамлекет бар деп айта албайбыз. Эгерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир катар мамлекеттердин ортосунда коалиция керек”, – деди Асад. Анын айтымында, көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө салым кошо…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент С. Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады. Анкара шаарында  Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө лидерлери  эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты. Иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Түрк…

Прочитайте больше

Башар Асад: АКШ Россияга каршы Сириядагы террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн

Башар Асад: АКШ Россияга каршы Сириядагы террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн

 114 Категория: Картина дня – Published: 17/03 – 17:54  АКШ Россияга каршы туруу үчүн Сириядан исламчыл террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн, деп билдирди Сириянын президенти Башар Асад РИА Новостиге берген маегинде. “Бизде далилдер жок, бирок бул күтүлүп жаткан нерсе. АКШ террорчуларды  бир жерден экинчи жерге көчүрүүдө”, – деди Асад. Араб республикасынын мамлекет башчысы Сириядагы согушкерлер “ислам террорчулары” деп аталгандар” экенин жана алар кылмыш жасоодо динди жамынышарын эске салды. “Украинада диний согуш жок бирок алар (террорчулар – ред.) интернетте тараган видеолорго караганда,…

Прочитайте больше

С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

С. Жапаров Р. Эрдоганга Түркияны колдоого дайым даяр экендигин билдирди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз…

Прочитайте больше

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

Сириянын президенти Россияга эмнеге барды?

 Сириянын президенти Башар Асад 2021-жылдын күзүнөн бери биринчи жолу Россияга расмий сапары менен келип, Владимир Путин менен жолугушту. Сириянын экономика, коргоо жана каржы министрлери кирген делегацияны Внуково өкмөттүк терминалынан Россия президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов тосуп алды. Асаддын Россияга сапары биринчи жолу ачык жана реалдуу убакыт режиминде чагылдырылды – буга чейин Батыштын санкцияларында турган Сирия лидеринин сапарлары жабык мүнөздө болгон. Асад акыркы жолу Москвага 2021-жылдын 13-сентябрында келген….

Прочитайте больше

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

Иран, Россия жана Кытай Оман булуңунда деңиз машыгууларын баштады

 Россия, Иран, Кытай жана башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрү 15-мартта Оман булуңунда биргелешкен аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди. «15-марттан 19-мартка чейин Кытай, Иран, Россия жана башка мамлекеттердин деңиз күчтөрү Оман булуңунда “Деңиз коопсуздук алкагы-2023” аттуу биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Машыгуу планы үч өлкөнүн 2019-жылы жана өткөн жылдагы буга чейинки эки деңиз машыгууларынын негизинде иштелип чыккан. Ага Кытай тараптан «Наннин» эсминеци катышууда. “Бул машыгуулар катышуучу өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн…

Прочитайте больше

Орозо качан башталат?

Орозо качан башталат?

 2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат. 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, – деп буйруган (Сахих муслим, 1081). 1. 2023- жылдын 23-март күнү Рамазан айынын…

Прочитайте больше

Жарым миллион адам көчөгө чыкты. Израилдин тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы

Жарым миллион адам көчөгө чыкты. Израилдин тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы

 Израилде соттук реформага каршы митингге 500 миңдей киши чыкты. Бул өлкө тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы акциянын уюштуруучуларына таянуу менен жазды. Израилдиктер премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштап жаткан соттук реформага каршы  нааразычылык акцияларын 10 аптадан бери өткөрүшүүдө. Дем алыш күндөрү өлкөнүн борбору Тель-Авивде эле митингге 250 миң адам чыкса, Хайфада 50 миңге жакын, Раананда 9 миң, Кирьят- Онодо 3,5 миң адам көчөгө чыгышты. Нетаньяхунун өкмөтү сот реформасы планын январдын башында жарыялаган: ага ылайык,…

Прочитайте больше

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

 Беларустун президенти Александр Лукашенко 12-март күнү кечинде Иранга расмий сапар менен барып бүгүн, 13-мартта Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Лукашенконун буга чейинки Иранга сапары 2006-жылы болгон. Ал ирандык кесиптеши Раиси менен 2022-жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да жолугушкан. Буга чейин Лукашенконун учагы Мехрабад эл аралык аэропортуна конуп, аны Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Реза Фатеми Амин тосуп алганы кабарланган. Раиси Лукашенкону «Саадабад» сарайынан тосуп алды…

Прочитайте больше

«Тынчтыктын жеңиши». Кытай Иран менен Сауд Аравияны элдештирди

«Тынчтыктын жеңиши». Кытай Иран менен Сауд Аравияны элдештирди

 Иран менен Сауд Аравия жети жылдык тыныгуудан кийин Кытайдын ортомчулугу менен алакаларды калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки айдын ичинде элчиликтерди ачууну макулдашты. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары маалымдады. Кытайдын ортомчулугу менен жетишилген элдешүү Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани менен анын саудиялык кесиптеши Мусаид аль-Айбан Пекинде бир нече күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында үч тараптуу билдирүү кабыл алынды. Тегеран менен Эр-Рияд дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, эки айдын ичинде элчиликтерин ачууну макулдашты. “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран Ислам Республикасы менен Сауд…

Прочитайте больше
1 43 44 45 46 47 186