Галибаф: Каршылык көрсөтүү топтору Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын сакчылары

Галибаф: Каршылык көрсөтүү топтору Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын сакчылары

Сионисттик режим (Израиль- ред.) Хезболланын лидери Хасан Насрулланы өлтүрүү менен каршылык көрсөтүүнү токтото алам деп ойлогон, бирок режимдин армиясынын операцияларда жеңилүүлөрү ага  Хезболланын тирүү экенин жана Ливан эли тарабынан колдоого алынарын көрсөттү. Бул тууралуу Ирандын Межлисинин (парламентинин) спикери Мохаммад Багер Галибаф Парламенттер аралык биримдиктин 149-ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди. Ал ливандык жай тургундар жер которгондорго жардам берүү боюнча эл аралык коомчулуктун практикалык чараларын, ошондой эле кылмыштуу Израиль режиминин адамгерчиликсиз ырайымсыздыгын көзөмөлдөй турган туруктуу ок атышууну күтүп жатканын белгиледи….

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы: Иран согушка да, тынчтыкка да даяр

Ирандын ТИМ башчысы: Иран согушка да, тынчтыкка да даяр

Жакынкы Чыгышта кагылышуу жана чыңалуунун күчөшү ыктымалдыгы көбөйдү жана алардын баарынын тамыры сионисттик режимдин (Израиль – ред.) кылмыштарында жатат, Газада башталган кылмыштар Ливанга да жайылып кетти жана анын башка өлкөлөргө да уланып кетүү ыктымалдыгы бар. Сионисттик режимдин Сионисттик режимдин чабуулдарына каршы туруу керек жана бул режимдин Газа жана Ливандагы чабуулдары токтотулушу керек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Багдадда ирактык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди. Арагчи Иран согушту эмес, тынчтыкты каалай тураганы айтып, бирок…

Прочитайте больше

Евробиримдик Израилден түшүндүрмө күтүп жатат

Евробиримдик Израилден түшүндүрмө күтүп жатат

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Ливандагы БУУнун күчтөрүнө кол салуусун кескин айыптады. Бул тууралуу “Европалык чындык” басылмасы билдирди. Боррел мындай чабуулдарды кабыл алынгыс жана эл аралык укукту одоно бузуу деп атады. Ал мындай аракеттерди “дароо токтотуу керек” деп баса белгиледи. Боррелл ошондой эле Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн атынан билдирүү жасап, бардык субъекттер БУУнун коопсуздугун жана мүлкүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө, ошондой эле БУУнун имараттарынын…

Прочитайте больше

Хакер Евробиримдиктин, АКШ жана Канаданын компанияларына 73 миллион доллар зыян келтирген

Хакер Евробиримдиктин, АКШ жана Канаданын компанияларына 73 миллион доллар зыян келтирген

Украиналык хакер АКШ, Канада, Франция, Германия, Норвегия жана Нидерландиянын өнөр жай ишканаларынын ресурстарына кол салган. Хакерликтин натыйжасында келтирилген зыян 73 миллион долларга бааланган, деп жазат Vesti.Ru. “Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнө үч миллиард гривнадан ашык зыян келтирилди: эл аралык хакерлер тобунун мүчөсү Украинада соттолот”, – деп билдирди украин полициясы Telegram каналында. Хакер чет элдик ишканалардын кызматкерлеринин аккаунттарына кирип, маалыматтарды уурдап, атайын вирустук программанын жардамы менен аппараттарды шифрлеген. Мындан кийин хакер криптовалютадан кун талап кылган.

Прочитайте больше

Пезешкиан: АКШ жана Европа Жакынкы Чыгыштагы абалдын басаңдашын каалашпайт

Пезешкиан: АКШ жана Европа Жакынкы Чыгыштагы абалдын басаңдашын каалашпайт

Вашингтон жана Евробиримдик Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын басаңдашы каалабайт, деп билдирди Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ашхабадда орус президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. «Учурда аймакта абал оор. Америка менен Европа бул жерде кырдаалдын басаңдашын каалабайт”,-деди Пезешкиан. Путин менен Пезешкиандын сүйлөшүүлөрү бир саатка жакын созулду. Лидерлердин ортосундагы баарлашуу делегациялардын катышуусу менен башталып, андан соң сүйлөшүүлөр бетме-бет уланганын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Путин Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна жана…

Прочитайте больше

Араб өлкөлөрү Израилдин пландарына реакция кылууда

Араб өлкөлөрү Израилдин пландарына реакция кылууда

Араб өлкөлөрү Израилге Иранга ыктымал чабуул үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат бербейт. Бул тууралуу NBC телеканалына дипломат билдиргенин Интерфакс маалымдады. Ал кайсы бир араб өлкөсү израилдиктерге Иранга сокку уруу үчүн өз аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берери күмөндүү деп эсептейт. Аймактык мамлекеттердин биринин дагы бир дипломаты белгилегендей, Иран жергиликтүү өлкөлөргө Израилге кандайдыр бир жардам көрсөтсө, бул согушка алып келиши мүмкүн деп эскерткен. «Булуң өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши чыр-чатакка илинип калууга кызыкдар эмес. Биздин көңүлүбүз кырдаалды басаңдатууга багытталган»,…

Прочитайте больше

Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Түркмөнстандын борборунда Владимир Путин менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкяндын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы баарлашуу делегациялардын катышуусунда башталып, андан соң сүйлөшүүлөр бетме-бет уланганын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Владимир Путин: Урматтуу президент! Урматтуу кесиптештер, достор! Мен, урматтуу  Президент, Сиз менен жеке жолугушууга жана биздин актуалдуу проблемаларыбызды талкуулоого мумкунчулук бар экендигине абдан кубанычтамын. Иран менен мамилелер биз үчүн артыкчылыктуу жана алар абдан ийгиликтүү өнүгүп жатат….

Прочитайте больше

Ирандын президенти Израилди согушту токтотууга чакырды

Ирандын президенти Израилди согушту токтотууга чакырды

Масуд Пезешкиан израилдик тарап “бардык мүмкүн болгон эл аралык келишимдерди” бузуп жатканын белгиледи. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Израилди Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырып, израилдик тарап “бардык мүмкүн болгон эл аралык келишимдерди” бузуп жатканын баса белгиледи. «Мен Израилге айткым келет – бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү токтоткула, ансыз деле эч нерсеси жок,  эл аралык келишимдер бузулду, анткени анын артында Америка, Европа Биримдиги турат», – деп билдирди ал телеграм каналында журналист Павел Зарубин тарабынан жарыяланган «Москва Путин» программасынын…

Прочитайте больше

Иран ТИМи: ХАМАСтын Израилге каршы операциясы Палестинанын оккупацияга каршы күрөш тарыхында бурулуш учур болду

Иран ТИМи: ХАМАСтын Израилге каршы операциясы Палестинанын оккупацияга каршы күрөш тарыхында бурулуш учур болду

Ирандын Тышкы иштер министрлиги палестиналык ХАМАС кыймылынын мындан бир жыл мурун Израилге каршы жарыялаган “Аль-Акса топон суусу” операциясынын бир жылдыгына байланыштуу билдирүү жасап, бул операцияны сионисттик режимдин оккупациясына жана зулумуна каршы Палестина элинин мыйзамдуу күрөшүнүн тарыхындагы маанилүү учур деп мүнөздөдү. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Палестина аймактарынын басып алынганынан бери 76 жыл өткөнүн, анын натыйжасында эзилген элдин укуктары, атап айтканда, өз тагдырын өзү аныктоо жана жашоо укугу одоно түрдө бузулуп келе жатканы белгиленет. «Сионисттик режим…

Прочитайте больше

“Талибан” Вахан коридорун ачууну көздөөдө. Бул канчалык реалдуу?

“Талибан” Вахан коридорун ачууну көздөөдө. Бул канчалык реалдуу?

Иран Гератка темир жол куруп жатат, Түркмөнстан ТАПИ долбооруна кайтып келди. Ал арада талиптер коңшу Кытайга түз чыгуу үчүн Вахан коридорун ачууну көздөп жатышат. Өзбекстандык  талдоочулар Анвар Юлдошев менен Наргиза Умарова Kun.uz  сайтынын “Геосаясат” программасында Ооганстандагы геоэкономикалык долбоорлор жана аймактык транзиттик атаандаштык тууралуу айтып беришти. Наргиза Умарованын айтымында, Ооганстандын ички аймактарына жеткен жалгыз темир жол Өзбекстан курган Термез-Мазари-Шариф темир жолу. Бул жол Афганистандын тышкы соодасында маанилуу орунду ээлейт. Өзбекстан мындан өз ара соода аркылуу гана эмес, транзиттик өлкө катары…

Прочитайте больше

Эрдоган: Дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар

Эрдоган: Дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде сионисттик лоббинин таасири бар экенин билдирди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазды. “Газадагы геноцид сионисттик лоббинин дүйнөдөгү эң абройлуу университеттерге таасири бар экенин көрсөттү”, – деди Эрдоган Анкарада окуу жылынын башталышына арналган иш-чарада. Түрк президенти ошондой эле Батыш өлкөлөрүн Газадагы сионисттик режимдин геноцидинин алдын алалбагандыгы үчүн айыптады. Түрк мамлекет башчысы Палестинаны колдоо демонстрацияларына уруксат берген университеттердин ректорлор кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун, АКШ Конгрессинде суракка алынганын, тынч митингдерге катышкан…

Прочитайте больше

Мадуро Насралла менен Ханиянын өлтүрүлүшүнүн себебин атады

Мадуро Насралла менен Ханиянын өлтүрүлүшүнүн себебин атады

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израиль бийлиги “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы шейх Хасан Насралланы жана палестиналык “Хамас” кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүү операцияларын уюштурганына ишенет. Бул аракеттер Мадуронун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимдерине кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга багытталган. Бул тууралуу ал VTV каналынын эфиринде билдирди. «Алар Насралланы АКШ Нетаньяху кабыл алат деп айткан тынчтык келишими бекитилип жатканда өлтүрүштү. Алар Ханияны Ирандын шайланган президенти менен диалогу белгиленгенде эле Тегеранда өлтүрүшкөн. Мунун мааниси эмнеде эле? Бул бүткүл аймакка зордук-зомбулук алып келүүгө багытталган…

Прочитайте больше

Ливандан чет элдиктер массалык түрдө эвакуацияланууда

Ливандан чет элдиктер массалык түрдө эвакуацияланууда

1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболла” кыймылына каршы кургактан операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү абадан бомбалоону улантууда, анда миңден ашуун адам, анын ичинде кыймылынын лидерлери каза болуп, 90 миңден ашуун качкынга айланды. Израилдин операциясынын фонунда Ливандан он миңдеген адамдар чыгып кетүүдө. Мурда Ливанга качкан сириялыктар мекенине кайтып жатышат. БУУнун маалыматы боюнча, Израиль Ливандагы Хезболланын буталарына сокку ура баштагандан бери кеминде 100 миң адам Сирияга качкан. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги жана анын өнөктөш уюмдары чек ара өткөрүү…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы Ливанда өлкө жетекчилиги менен ок атышууну токтотууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Ирандын ТИМ башчысы Ливанда өлкө жетекчилиги менен ок атышууну токтотууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливандын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ислам Республикасынын делегациясынын башында Бейрутка келди. Бул тууралуу Иран департаментинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди. Ал буга чейин тышкы иштер министри Аббас Арахкчи жетектеген делегация, ошондой эле Межлистин (парламент) эки депутаты жана Кызыл Жарым Ай Коомунун башчысы Ливандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушарын Х соцтармактагы баракчасына жазган. Анын айтымында, ирандык делегациянын сапарынын алкагында Ливанга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 10 миң тонна гуманитардык жардамдын партиясы…

Прочитайте больше

Пхеньян Сеулдун эскертүүсүнөн кийин Түштүк Кореяны өзөктүк курал менен коркутту

Пхеньян Сеулдун эскертүүсүнөн кийин Түштүк Кореяны өзөктүк курал менен коркутту

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, алардын режими ошол замат токтойт деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, эгер алар өзөктүк курал колдонушса, алар да эч ойлонбостон жооп кайтара турганын билдирди. “Түндүк Корея өзүнүн душмандарынын чабуулдарына жооп катары, өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн. Мисалы Түштүк Кореяга каршы…”,-деген билдирүүсүн жарыялаган Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) маалыматтарына таянуу менен Reuters басылмасы жазды. Түндүк Кореянын лидери түштүк кореялык кесиптеши Юн…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 213