Дагестанда теракт жасоону пландаган үч киши кармалды

Дагестанда теракт жасоону пландаган үч киши кармалды

Дагестандын Махачкала менен Каспийск шаарларында жүргүзүлгөн контртеррордук операциянын жүрүшүндө теракт уюштурууну пландаган үч бандит кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү Улуттук антитеррордук комитеттин маалымат борбору билдирди. Кылмышкерлер контртеррористтик операцияучурунда кармалды. «Коопсуздук органдары тарабынан бир катар террордук багыттагы бир катар кылмыштарды жасоону пландап жүргөн үч бандит кармалды. Кылмышкерлер кармалган жерлерди текшерүү учурунда автоматтык куралдар, аларга ок-дарылар жана колдонууга даяр колго жасалган жардыргыч зат табылды», – деп айтылат маалыматта. Улуттук антитеррордук комитети операция учурунда жай тургундар жана коопсуздук…

Прочитайте больше

Ставрополдо теракт даярдап жаткан Борбор Азиянын үч жараны кармалды. Видео

Ставрополдо теракт даярдап жаткан Борбор Азиянын үч жараны кармалды. Видео

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында теракт уюштурууну пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранын кармады. Бул тууралуу ведомствонун коомчулук менен байланыш борбору билдиргенин РИА Новости жазды. “Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында эл көп чогулган жайлардын биринде жардыруу жолу менен террордук акт жасоону пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранынын террордук ишмердүүлүгүнө бөгөт койду”, — деп айтылат маалыматта. Федералдык коопсуздук кызматы жарыялаган видеотасмада кармалгандардын бири колго жасалган бомбаны толтурууга мык сатып алуу үчүн дүкөнгө келгенин…

Прочитайте больше

Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

Эл аралык Аль-Кудс күнүн утурлай Россиянын Борбордук муфтият башкармалыгында «Аль-Кудстагы ифтар дасторкону – Газа элин түшүнүңүз» аттуу иш-чара болуп өткөнүн “Eurasia Today” маалымдайт. Ага Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали, “Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү катышып, жамаат менен намаз окулуп, ифтар уюштурулду. Белгилей кетсек, Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күн Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Чыныгы…

Прочитайте больше

К. Осмонбеков, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “Россияга  келүүдөн азырынча карманып туруңуздар”

К. Осмонбеков, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “Россияга  келүүдөн азырынча карманып туруңуздар”

22-мартта “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон терактын кесепети эң оболу Россияда иштеп жүргөн мигранттарга тийүүдө. Азыр айрым орус депутаттары борбор азиялыктарга виза эрежесин киргизүү зарылдыгын айтышса, кээ бир региондор такси, соода кызматында иштегендерди жумуштан бошото баштады. Жалпы эле бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын абалы кандай? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн Россия Федерациясындагы Кыргыз диаспораларынын кеңешинин жетекчиси Кубанычбек Бекболотович Осмонбеков менен маектештик. – Кубанычбек Бекболотович, “Крокус Сити Холлдогу” терактыдан кийин Россияда миграциялык абал бир кыйла…

Прочитайте больше

БУУ: Газада ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты

БУУ: Газада ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты

Газа тилкесинде ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун баяндамасында айтылат. Маалыматка караганда, Газа тилкесиндеги 36 оорукананын кеминде 24ү иштен чыккан. “Газанын саламаттыкты сактоо системасы уланып жаткан согуштук аракеттерден жана чектөөлөр менен байланышкан көйгөйлөрдөн улам кыйрап жатат, бул иштен чыккан ооруканалардын санынын көбөйүшүнө алып келүүдө”, – деп айтылат документте. 27-мартка карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Газадагы 36 оорукананын 24ү иштебей калган. Газанын түндүгүндө эки оорукана минималдуу деңгээлде, дагы 10у…

Прочитайте больше

«Крокус Сити Холлдогу» теракт: дагы бир шектүү кармалды

«Крокус Сити Холлдогу» теракт: дагы бир шектүү кармалды

РФнын Тергөө комитети (ТК) 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарында террордук акт жасоого шектүүлөрдү каржылаган дагы бир адам кармалгандыгын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал террорчуларды каржылоо схемасына катышкан жана изи Украинага барып такалат. Бул тууралуу “Медуза” маалымат каражаты жазды. Ведомство мындан башка эч кандай маалымат берген эмес. ТКнын маалыматында ошондой эле «кармалган террорчулар менен иштөөнүн жыйынтыгында алардын украиналык улутчулдар менен байланышы тууралуу далилдер алынган»,- деп тастыкталган. “Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарда теракты аткаргандарга Украинадан ири суммадагы…

Прочитайте больше

Иран президенти Израилди аймактагы туруксуздуктун тамыры деп атады

Иран президенти Израилди аймактагы туруксуздуктун тамыры деп атады

Иран президенти Ибрахим Раиси Израилди аймактагы туруксуздуктун тамыры деп атады. Бул туурасында ал палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен Тегерандагы сүйлөшүүлөрдө билдирди. «Бүгүнкү күндө Палестина маселесинин чындыгы жана анын колдоочуларынын, анын ичинде Иран Ислам Республикасынын позициясы  жалганчы жана кылмышкер сионисттик режим аймактагы бардык көйгөйлөрдүн түпкү тамыры болуп саналарын бүткүл дүйнө элине далилденди” – деп билдирди Раиси. Ал белгилегендей, Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү жана Газа тилкесинин тургундарынын туруктуулугунун аркасында Палестина маселеси ислам дүйнөсүнүн…

Прочитайте больше

ЖМК: “Крокустагы” террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүндө да теракт даярдап жатышкан

ЖМК: “Крокустагы” террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүндө да теракт даярдап жатышкан

“Крокус Сити Холлдогу” теракттын уюштуруучулары бир эле убакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде дагы бир теракт даярдап жатышкан, бирок анын алды алынган. Бул туурасында россиялык “Известия” басылмасына маалымдар булак билдирди. Басылманын маектеши теракт даярдалып жаткан өлкөнүн атын атаган жок, бирок ал “Крокус Сити Холлдогу” чабуул менен бир убакта болмок экенин белгиледи. Булак ошондой эле Москвадагы терактка даярдыктын мурда белгисиз болгон чоо-жайын айтты. Анын айтымында, кылмышкерлер концерттик залды кадимки бензин менен өрттөшкөн. «Крокуска бараткан жолдо май куюучу…

Прочитайте больше

Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы геноциддик согушуна 170 күн болду. Акыркы 24 саатта эле Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы турак жайларга жасаган соккуларынын натыйжасында кеминде 27 палестиналык набыт болгонун палестиналык WAFA маалымат агенттиги билдирди. Анын маалыматына караганда, беш үй бомбаланган. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар. Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды. Жекшембиде Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы…

Прочитайте больше

В. Путин Э. Рахмон менен эмнени сүйлөштү?

В. Путин Э. Рахмон менен эмнени сүйлөштү?

Тажикстандын президенти  Эмомали Рахмон 24-мартта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу тажик президентинин пресс-кызматы билдирди.  Сүйлөшүү учурунда тажик лидери Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» комплексиндеги ырайымсыз кандуу террордук актыны чечкиндүү түрдө айыптады. Ал «террорчулардын улуту, мекени жана дини да болбой тургандыгын» баса белгиледи. Тажикстандын президенти үрөй учурган трагедияда каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты. «Россия Федерациясындагы жалпы улуттук аза күтүү саатында Эмомали Рахмон Тажикстандын баардык жарандарынын бир тууган…

Прочитайте больше

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Москванын Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде болгон терракт учурунда 100 жакын  элди куткарган Ислам Халиловду Россиянын муфтийи тарабынан сыйлыкка көрсөтүлөт. “Крокус Ситиде” 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Орус басылмаларынын билдирүүсу боюнча, муфтий Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөткөн. Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган. Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген….

Прочитайте больше

“Крокус сити холлдогу” теракты жасагандарга канча акча убада кылынган?

“Крокус сити холлдогу” теракты жасагандарга канча акча убада кылынган?

Москванын четиндеги Красногорск шаарында жайгашкан “Крокус Сити Холл” концерттик залына кол салган террорчулар ар бири эмес, баардыгы 500 миң рубль алышы керек болчу. Бул тууралуу  россиялык  “Известия” басылмасы билдирди. Мындан мурда шектүү катары кармалгандардын бири Шамсидин Фаридуни белгисиз бирөөлөр ага теркт жасагандыгы үчүн 500 миң рубль берүүнү убада кылып, ал акчанын жарымын банк картасына которгондугун, калган сумманы ала электигин ошол замат суракка алынган учурда айткан. Сыягы, анын сөзү коомчулукта туура эмес чечмеленип,  бул акчаны ар бир кылмышкерге…

Прочитайте больше

Школьник спас 100 человек в «Крокусе». Ислам заслуживает звания Героя России

Школьник спас 100 человек в «Крокусе». Ислам заслуживает звания Героя России

15-летний подросток, подрабатывающий в гардеробе концертного зала — настоящий герой нашего времени. Лучше бы всего того ужаса, который накануне произошёл в подмосковном «Крокус Сити Холле», не было, а все люди вели свою устоявшуюся размеренную жизнь. Но на каждую белую или бесцветную полосу обязательно найдётся чёрная, а порой ещё чего хуже. Если случилось горе, то в моменты, когда нужно проявлять волю, терпение и мужество, не часто находятся люди, способные мыслить здраво. Но особенно впечатляет, что такому…

Прочитайте больше

А. Жапаров М. Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

А. Жапаров М. Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү. «Крокус Сити Холлдо көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм», – деп айтылат…

Прочитайте больше

“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кандуу кол салуу болду. Анын кесепетинен 60 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди. Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6 183