Хаменеи Израилге эскертүү берди

Хаменеи Израилге эскертүү берди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Израилге каршы массивдүү ракеталык чабуулу менен бир убакта Ислам революциясынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X соцтармактагы баракчасына иврит тилинде билдирүү жасады. Хаменеи өз билдирүүсүндө Израилге каршы исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары дагы масштабдуу боло турганын эскертти. “Сионисттик режимдин (Израиль – ред.) чирип бараткан денесине каршылык көрсөтүү фронтунун соккулары дагы катуу болот”, – деп жазды аятолла. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы…

Прочитайте больше

“Болуп көрбөгөндөй чабуул”. Дүйнөлүк ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакция жасашты

“Болуп көрбөгөндөй чабуул”. Дүйнөлүк ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакция жасашты

Ирандын Израилге жаңы ракеталык чабуулдарына реакция жасаган дүйнөлүк маалымат каражаттары бул чабуул эки өлкөнүн тирешинде бурулуш учур болгонун жазышууда. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Иран “Садег-2” операциясынын алкагында Израилге карай 200 ракета учурулганын анын натыйжасында жөөт мамлекетинин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. Иран Израилге кол салуу учурунда биринчи жолу “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгонун кийинчирээк Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги билдирди. Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз кызматы Иран Израилге…

Прочитайте больше

А. Жапаров менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушту

А. Жапаров менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди. “Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты”,- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Армениянын борбору Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө….

Прочитайте больше

Өч алды. Иран Израилге массивдүү ракеталык соккуларды урду. Видео

Өч алды. Иран Израилге массивдүү ракеталык соккуларды урду. Видео

2-октябрга караган түнү Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жүздөгөн ракеталар менен сокку урду. Бул тууралуу ирандык IRNA агенттиги кабарлады. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады. Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги генерал-лейтенант Мохаммад Багери “Садег-2” операциясынын алкагында Израилдин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрү бүгүн түнү баатырдык жана эр жүрөк операциялары менен сионисттик режимдин көптөгөн кылмыштары үчүн өч алды”,…

Прочитайте больше

Гаити калкынын жарымы кылмыштуу топтордун аракетинен улам ачарчылыкка кабылды

Гаити калкынын жарымы кылмыштуу топтордун аракетинен улам ачарчылыкка кабылды

Жаңы отчетто Гаитиде 5,41 миллион адам “азык-түлүк коопсуздугунун жогорку деңгээлин” башынан кечирип жатканы жана кылмыштуу топтордун согуштары жана инфляция кризистин негизги себептери экени айтылат, деп жазат Zakon.kz. Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Гаити калкынын дээрлик 48% куралдуу бандалардын тынымсыз зордук-зомбулуктарынан улам катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда. Дүйшөмбү күнү жарыяланган Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазалык классификациясы (IPC) отчетунда Кариб деңизиндеги кризистен жабыркаган өлкөдө 5.41 миллион адам 2024-жылдын августунан 2025-жылдын февралына чейин “курч тамак-аш коопсуздугунун жогорку деңгээлине” туш болгон. Жалпы…

Прочитайте больше

АКШда химиялык заводдо ири өрт чыкты

АКШда химиялык заводдо ири өрт чыкты

29-сентябрда АКШнын Джорджия штатындагы BioLab химиялык заводунда чыккан ири өрттүн кесепетинен атмосферага хлор бөлүнүп, Рокдейл округунун 90 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө баш калкалоого аргасыз болду. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты. “Ар бир аймакта баш калкалагандар үчүн эң жакшы тажрыйба – бул кондиционерди өчүрүү жана терезелер менен эшиктерди жабык кармоо”, – деп айтылат округдук өкмөттүн билдирүүсүндө. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында чектөөгө алынган. Шерифтин басма сөз катчысы Кристин Неспит эвакуациялангандардын так саны белгисиз…

Прочитайте больше

Politico: Ак үй Израилди тымызын колдогон

Politico: Ак үй Израилди тымызын колдогон

Америкалык расмий өкүлдөр Израилди Ливандын “Хезболла” кыймылына аскерий кысымды күчөтүү чечимин колдой тургандыктарына тымызын ишендиришкен. Бул тууралуу Politico гезити израилдик жана америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди. Алардын маалыматы боюнча, АКШнын атайын чабарманы Амос Хокстин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Бретт МакГурк азыркы окуялардан бир нече жума мурун Израилдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө Кошмо Штаттары «Израилдин премьер-министринин стратегиясы менен макул» деп айтышкан. Биньямин Нетаньяху “Хезболланы” сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жөөт мамлекетинин аскерий аракеттеринин борбору түндүккө жылышын билдирген….

Прочитайте больше

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарына массивдүү соккуларды  урууда. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла каза тапкан. Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктаган. “Хезболла” кыймылынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу Батыш Азиядагы бир катар өлкөлөр Израилдин бул аракетин айыптап, Ливан элине жана “Хезболла” кыймылына көңүл айтып жатышат. Палестина  Палестинанын улуттук администрациясынын лидери Махмуд Аббас ишемби күнү ливандык…

Прочитайте больше

Мишустин расмий сапар менен Иранга келди. Жолугушуулар жана талкууланган маселелер

Мишустин расмий сапар менен Иранга келди. Жолугушуулар жана талкууланган маселелер

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин дүйшөмбү күнү Иранга расмий сапар менен келип, республиканын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Сапардын алкагында орус өкмөтүнүн башчысы Ирандын биринчи вице-президент Мохаммад Реза Ареф жана президенти Масуд Пезешкян менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Буга чейин РФ министрлер кабинетинин басма сөз кызматы орус тарап менен ислам республикасынын жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө орус-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык маселелерин кароо пландалып жатканын маалымдаган. Орусия Иран менен кызматташууга кызыкдар Мишустин дүйшөмбү күнү…

Прочитайте больше

Эксперт: ШКУ жаңы дүйнөлүк тартип боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу болушу керек

Эксперт: ШКУ жаңы дүйнөлүк тартип боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу болушу керек

Орусия Федерациясынын мурдагы вице-премьер-министри Сергей Шахрайдын айтымында, БУУ жана Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу негизги эл аралык институттар терең кризисте. Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) жаңы эл аралык тартип боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жана ага катышууга тийиш. Мындай пикирин Шанхай саясий-укуктук академиясында өтүп жаткан ШКУнун аналитикалык борборлорунун форумунда сүйлөгөн Орусия Федерациясынын мурдагы вице-премьер-министри Сергей Шахрай билдирди. «Бүгүнкү күндө БУУ, Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу негизги эл аралык институттар эң терең кризисте экенин баарыбыз көрүп турабыз», – деди ал, БУУ менен ДСУнун…

Прочитайте больше

“Хезболланын” лидери Хасан Насралла каза болду

“Хезболланын” лидери Хасан Насралла каза болду

Ливандык “Хезболла” кыймылынын лидери Хасан Насралла Израилдин абадан жасаган соккусунан каза тапты. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазды. Насралла 27-сентябрь кечинде Израилдин аба күчтөрүнүн «Хезболланын» Бейруттагы башкы штабына сокку урганда өлтүрүлгөн. “Хезболла” кыймылы Хасан Насрулланын өлүмүн расмий тастыктады. “Хезболланын” баш катчысы Сейид Хасан Насрулла отуз жылдан ашуун убакыттан бери өзү жетектеген шейиттерге кошулду”, – деп айтылган уюмдун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. Күн мурун кечинде Бейрутта онго жакын жардыруу болгон. Израилдик күчтөр Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында…

Прочитайте больше

“Хезболла” “Моссаддын” Тель-Авивдеги штаб-квартирасына Кадер-1 ракетасы менен сокку урду

“Хезболла” “Моссаддын” Тель-Авивдеги штаб-квартирасына Кадер-1 ракетасы менен сокку урду

Ливандын “Хезболла” кыймылы Израилдин чалгындоо кызматы “Моссаддын” Тель-Авивдин чет жакасындагы штаб-квартирасына “Кадер-1” баллистикалык ракетасын колдонуу менен талкаланганын жарыялады. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. “Ливандагы исламдык каршылык кыймылы өлкөнү жана анын элин коргоо үчүн бүгүн шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:30да Кадер-1 баллистикалык ракетасы менен Тель-Авивдин четиндеги Моссаддын чалгындоо штабына чабуул жасады” – деп айтылат билдирүүдө. «Бута “Хезболланын” командирлеринин өлтүрүлүшүнө жана пейжерлердин жана зымсыз байланыш түзүлүштөрүнүн жардырылышына жооп болду», – деп айтылат маалыматта. Бул…

Прочитайте больше

“Биз кетпейбиз” – БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан Махмуд Аббас Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыптады

“Биз кетпейбиз” – БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан Махмуд Аббас Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыптады

Палестинанын президенти Махмуд Аббас бейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнө лидерлерине кайрылып, Палестина эли өз мекенин, ата-бабаларынын жерин таштабай турганын баса белгиледи. Ал Израилди Газа тилкесиндеги согуш үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту “геноцидди” токтотууга чакырды, ошондой эле согуштан кийинки анклавды түзүү боюнча өзүнүн планын сунуштады, деп билдирет Kazinform агенттигинин өз кабарчысы. Аббас Газа тилкесиндеги согушту токтотууга чакырды Махмуд Аббас трибунага чыгып, БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн «Биз кетпейбиз» деген сөздү үч жолу кайталоо менен баштады. Ал…

Прочитайте больше

Жардыргыч заттар “Хезболла” колдонгон пейжерлерге орнотулган – CNN

Жардыргыч заттар “Хезболла” колдонгон пейжерлерге орнотулган – CNN

17-сентябрда жарылган “Хезболла” пейжерлеринин литий батареяларына жардыргыч заттар салынган. Бул тууралуу CNN өз булактарына таянып билдирди. Ливандык булактардын бири жардыргыч заттар ушунчалык татаал жол менен катылгандыктан, алар байкалбай турганын айтты. Башка жогорку даражалуу коопсуздук булагы CNN телеканалына билдиргендей, ал мина орнотулган пейжерлердин бирин текшерип, ал көзөмөлдөнгөн түрдө жардырылып жатканда ошол жерде болгон. Анын айтымында, жардыргыч зат аппараттын литий аккумуляторуна бириктирилип,  дээрлик көрүнбөй калган. Ал ошондой эле буга чейин мындай нерсеге жолукпаганын белгиледи. Колдон жасалган жардыргыч…

Прочитайте больше

Кытай 44 жылдан бери биринчи жолу континенттер аралык ракетасын сынады

Кытай 44 жылдан бери биринчи жолу континенттер аралык ракетасын сынады

25-сентябрга караган түнү Кытай континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады, дүрмөттүн макетин алып жүргөн ракета Тынч океандын “так белгиленген деңиз аймагына” түшкөн. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, Кытай Элдик боштондук армиясынын ракеталык күчтөрү континенттер аралык баллистикалык ракетаны 25-сентябрда саат 08:44тө Тынч океандын ачык деңизине  учуруп, ракета күтүлгөн деңиз аймактарына түшкөн. Билдирүүдө бул сыноо алардын жылдык машыгуу планында кадыресе чара болуп саналары, ал эл аралык…

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8 117