Ирандын жогорку лидери: Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз

Ирандын жогорку лидери: Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирди. “Биздин эр жүрөк адамдарыбыз баскынчы режимди жазалайт. Биз аларды бул жана башка ушул сыяктуу кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз”, – деп айтылат Ирандын Жогорку лидеринин расмий сайтында. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулуна жеке жооп кайтарууга, ошондой эле “агрессорду кандай жазалоону” так аныктоого укуктуу экенин билдирген. Ирандын президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген. 2-март күнү кечинде Израилдин аба…

Прочитайте больше

Путин «Крокустагы» терактка буюртма бергендер тууралуу: «биз аларга жетебиз»

Путин «Крокустагы» терактка буюртма бергендер тууралуу: «биз аларга жетебиз»

Россия «Крокустагы» терактка буюртма бергендерге жетерин президент Владимир Путин ички иштер министрлигинин кеңейтилген жыйынында айткандыгын РБК маалымдады.  «Биз үчүн түздөн-түз аткаруучуларды гана эмес, бүтүндөй топту, бул мыкаачылыкты буюртма берген түйүндү аныктоо маанилүү. Биз сөзсүз аларга жетебиз», – деди ал. Путиндин пикиринде, «Крокустагы» теракты буюртма бергендер элдин арасында нааразылыкты жаратып, Россияны бөлүп-жарууну көздөшкөн. «Ошондуктан болгон окуяны улуттук жана башка уруш-талашты ырбатууну жаратууга жол бербеш керек», – деди ал. Мамлекет башчы теракка анализ жүргүзгөн кырдаал жогорку деңгээлде…

Прочитайте больше

Дүйнө коомчулугу Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган кол салууну айыптоодо

Дүйнө коомчулугу Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган кол салууну айыптоодо

Эл аралык коомчулук Израилдин Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына сокку уруусун кескин айыптоодо. Ракеталык чабуул кечээ кечинде жасалды. Консулдуктун имаратында ошондой эле Ирандын Сирия Араб Республикасындагы элчиси Хоссейн Акбаринин резиденциясы жайгашкан. Кол салуу учурунда элчи жабыркаган жок. Сириянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ракеталык чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, Израилдин соккусунан сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза…

Прочитайте больше

Президент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо…

Прочитайте больше

Израиль Ирандын Сириядагы консулдугуна ракеталык чабуул жасады. Тегеран жооп берүүнү убада кылды

Израиль Ирандын Сириядагы консулдугуна ракеталык чабуул жасады. Тегеран жооп берүүнү убада кылды

Израиль кечээ кечинде Дамасктагы Ирандын консулдугуна ракеталык чабуул жасады. Курман болгондордун арасында дипломаттар жана Араб Республикасынын жарандары бар, деп билдирет Ирандын маалымат каражаттары. Алдын ала маалыматтарга караганда, Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун кеңешчи генералдары менен кызматкерлери, үч сириялык жана бир ливандык жаран набыт болуп, дагы 12си жарадар болгону белгилүү. Аткылоого Ирандын дипломаттары, ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерий кеңешчилери жашаган Меззе кварталы кабылган. Консулдуктун имараты толугу менен талкаланган. Каза болгондордун арасында Ирандын Ислам революциясынын…

Прочитайте больше

БРИКС доллардын тагдырын аныктайбы?

БРИКС доллардын тагдырын аныктайбы?

Батыштагы аналитиктер жана медиалар Иран, Россия жана Кытайдын БРИКС түрүндөгү альянсын бир уюлдук системага коркунуч катары карап, бул топтун мүчөлөрүнүн аракеттери АКШ долларынын глобалдык наркынын жана күчүнүн төмөндөшүнө себеп болгон факторлордун бири деп эсептешет. Бир нече күн мурун “The Economist” басылмасы дүйнөлүк державалардын атаандаштыгы тууралуу олуттуу аналитика жарыялап, Россия, Кытай жана Ирандын альянсы Америка үчүн стратегиялык жана экономикалык кесепеттерге алып келерин белгилеген. Басылмада белгиленгендей, жогоруда айтылган үч мамлекет тең БРИКСтин мүчөлөрү, алар эки тараптуу сооданы…

Прочитайте больше

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

Кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндүн ичинде 1 млн доллардан ашык каражат топтоду. Режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккан төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишти. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдирди. Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда…

Прочитайте больше

С. Жапаров Р. Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

С. Жапаров Р. Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстандын мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Жапаров Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөткөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин…

Прочитайте больше

Түркиядагы шайлоо: оппозиция 20 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетти

Түркиядагы шайлоо: оппозиция 20 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетти

Түркияда жекшембиде муниципалдык шайлоолор болуп өттү. Анда республиканын жарандары шаар мэрлерин, муниципалитеттердин жана башка жергиликтүү бийлик органдарын башчыларын шайлашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө 61,4 миллион шайлоочу катышты. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, добуштардын 99,59% саналгандан кийин президент Эрдогандын каршылаштары алдыда келе жатат. Өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия Элдик-республикалык партия 20 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетип, бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан алдыга озуп чыкты. Оппозициячыл “Элдик-республикалык” партиясы добуштардын 37,73%ын алса, бийликтеги “Адилеттүүлүк жана…

Прочитайте больше

Иран менен Түркиянын президенттери телефондон сүйлөштү. Раиси Газадагы зомбулукту токтото турган натыйжалуу чараны атады

Иран менен Түркиянын президенттери телефондон сүйлөштү. Раиси Газадагы зомбулукту токтото турган натыйжалуу чараны атады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефондон  сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ошондой эле Палестина-Израиль жаңжалына  байланышкан маселелерди талкуулашты. “Eurasia Today” маалымдагандай, Раиси Эрдоганды Рамазан айы менен куттуктап, Ислам Үммөтүнө тынчтык, стабилдүүлүк, коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап, эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий карым-катнаштарды мүмкүн болушунча бекемдөө үчүн практикалык кадамдарды жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иран президенти эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды карап чыгуу жана аларды ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, Иран Ислам Республикасынын энергетика…

Прочитайте больше

Дагестанда теракт жасоону пландаган үч киши кармалды

Дагестанда теракт жасоону пландаган үч киши кармалды

Дагестандын Махачкала менен Каспийск шаарларында жүргүзүлгөн контртеррордук операциянын жүрүшүндө теракт уюштурууну пландаган үч бандит кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү Улуттук антитеррордук комитеттин маалымат борбору билдирди. Кылмышкерлер контртеррористтик операцияучурунда кармалды. «Коопсуздук органдары тарабынан бир катар террордук багыттагы бир катар кылмыштарды жасоону пландап жүргөн үч бандит кармалды. Кылмышкерлер кармалган жерлерди текшерүү учурунда автоматтык куралдар, аларга ок-дарылар жана колдонууга даяр колго жасалган жардыргыч зат табылды», – деп айтылат маалыматта. Улуттук антитеррордук комитети операция учурунда жай тургундар жана коопсуздук…

Прочитайте больше

Ставрополдо теракт даярдап жаткан Борбор Азиянын үч жараны кармалды. Видео

Ставрополдо теракт даярдап жаткан Борбор Азиянын үч жараны кармалды. Видео

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында теракт уюштурууну пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранын кармады. Бул тууралуу ведомствонун коомчулук менен байланыш борбору билдиргенин РИА Новости жазды. “Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында эл көп чогулган жайлардын биринде жардыруу жолу менен террордук акт жасоону пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранынын террордук ишмердүүлүгүнө бөгөт койду”, — деп айтылат маалыматта. Федералдык коопсуздук кызматы жарыялаган видеотасмада кармалгандардын бири колго жасалган бомбаны толтурууга мык сатып алуу үчүн дүкөнгө келгенин…

Прочитайте больше

Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

Эл аралык Аль-Кудс күнүн утурлай Россиянын Борбордук муфтият башкармалыгында «Аль-Кудстагы ифтар дасторкону – Газа элин түшүнүңүз» аттуу иш-чара болуп өткөнүн “Eurasia Today” маалымдайт. Ага Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали, “Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү катышып, жамаат менен намаз окулуп, ифтар уюштурулду. Белгилей кетсек, Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күн Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Чыныгы…

Прочитайте больше

К. Осмонбеков, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “Россияга  келүүдөн азырынча карманып туруңуздар”

К. Осмонбеков, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “Россияга  келүүдөн азырынча карманып туруңуздар”

22-мартта “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон терактын кесепети эң оболу Россияда иштеп жүргөн мигранттарга тийүүдө. Азыр айрым орус депутаттары борбор азиялыктарга виза эрежесин киргизүү зарылдыгын айтышса, кээ бир региондор такси, соода кызматында иштегендерди жумуштан бошото баштады. Жалпы эле бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын абалы кандай? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн Россия Федерациясындагы Кыргыз диаспораларынын кеңешинин жетекчиси Кубанычбек Бекболотович Осмонбеков менен маектештик. – Кубанычбек Бекболотович, “Крокус Сити Холлдогу” терактыдан кийин Россияда миграциялык абал бир кыйла…

Прочитайте больше

БУУ: Газада ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты

БУУ: Газада ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты

Газа тилкесинде ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун баяндамасында айтылат. Маалыматка караганда, Газа тилкесиндеги 36 оорукананын кеминде 24ү иштен чыккан. “Газанын саламаттыкты сактоо системасы уланып жаткан согуштук аракеттерден жана чектөөлөр менен байланышкан көйгөйлөрдөн улам кыйрап жатат, бул иштен чыккан ооруканалардын санынын көбөйүшүнө алып келүүдө”, – деп айтылат документте. 27-мартка карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Газадагы 36 оорукананын 24ү иштебей калган. Газанын түндүгүндө эки оорукана минималдуу деңгээлде, дагы 10у…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 89