АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө аны катуу сынга алып, Иран менен болгон сүйлөшүүлөрдү коркунучка кептеп жатат деп айыптаган.
Бул тууралуу Axios порталы булактарга шилтеме берип билдирди.
Маалыматтарга караганда, Трамп Нетаньяхуга: «Сен акылыңдан айнып калгансың. Мен болбосом түрмөдө отурмаксың. Азыр баары сени жек көрөт. Ошондуктан баары Израилди жек көрүшөт», — деп айткан.
Муну менен америкалык лидер Нетаньяхуга коррупция иши боюнча камалып калбоосуна жардам бергенин түз билдирген.
Америкалык бир аткаминер Axios басылмасына Трамп ачууланып: «Шайтан алгыр, сен эмне кылып жатасың?» — деп кыйкырганын билдирген.
Трамптын ачуусуна Нетаньяхунун Ливандагы чыңалууну күчөтүү чечими себеп болгон. Бул кадамдын натыйжасында Иран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына аз калган. Иран Израилдин Ливандагы чабуулдары уланса, АКШ менен сүйлөшүүлөрдү токтоторун эскерткен.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдөн кийин Нетаньяху өзүнүн мурдагы позициясын өзгөртпөгөнүн билдирген, бирок америкалык аткаминер Трамп ага катуу басым жасап, акырында Нетаньяху артка чегингенин айткан.
Андан соң Трамп 1-июнда Нетаньяху жана “Хезболланын” жетекчилиги менен Ливандагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. Израилдин премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин, Америка лидери Израиль аскерлери “Бейрутка жөнөтүлбөй турганын” билдирген.
Буга чейин Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран Израилдин Ливандагы эскалациясына каршы нааразылык катары Вашингтон менен ортомчулар аркылуу билдирүү алмашууну токтотконун билдирген.