COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктургандар 210 млн., курмандыктар 4 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруу учурларынын саны 210 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Американын Жонс Хопкинс университети маалымдады.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооругандардын расмий катталган саны 210 022 222ге жетти. Ал эми илдеттен курман болгондордун саны 4 403 579 адам.

Аталган мекеме 5-августта жуктуруулардын саны 200 миллиондон ашканын жарыялаган. Андан бери эки аптанын ичинде 10 млн. учурга көбөйгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус  жуктургандардын саны 173 428ге жетти. Акыркы бир суткада илдеттен дагы 5 адам каза болуп, жалпы курмандыктардын саны 2473 киши болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *