Кыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Быйыл, 1-июндан баштап 18-августка чейин Кыргызстанга Пакистандын 7447 жараны келип, 4000 миңдейи кайра учуп кетишкен.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирген.
Учурда Пакистан, Индиянын миңдеген студенттери өлкөдө билим алышат.
Белгилей кетсек, акыркы мезгилдерде Бишкекте “сүннөт кийим” кийген Түштүк Азия чөлкөмүнүн жарандары көбөйгөндүгү боюнча коомдук тармактарда талкуу болууда. Бул көрүнүш талибдердин Ооганстанды колго алуу жараянынан кийин көпчүлүктү чоочутту. Буга байланыштуу Кыргызстандагы Пакистан студенттеринин федерациясы атайын кайрылуу жасап, элди туура кабыл алууга чакырган.
“Талибдердин” Кабул бийлигин ээлөөсүнөн улам, коомубузда да Ислам фобиясы (коркунучу) кайра жанданууда. Айрымдар “сүннөт кийим” кийген жарандардын жана чүмкөнгөн аялдардын коомдо көп көзгө урунуусунан улам, “экинчи Ооганстан же Сирия” болуп кетет деп  чоочуркашууда. Албетте, бул ортодо коомубузду коркуткан чет элдик туристтердин көбөйүүсүбү же “сүннөт кийимби” деген суроо туулат.

Берилген маалыматтарга караштуу, быйыл жайкы үч айдын ичинде эле өлкөбүзгө 850 060 чет элдик турист келип, 829 811 чыгып кетишкен. Чет элдик туристтерди инвестицияга тартуу бул Кыргызстандын тышкы саясатынын бирден бир максаттарынан, ал эми аларды кабыл алууга канчалык коомубуз даярдыкта?

Комментарий жиберүү