“D-8” жыйыны: Иран ислам өлкөлөрүн Израилге соода бойкотун жарыялоого чакырды

8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында “D-8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу Газа боюнча кезексиз жыйын өткөрдү.

“D-8” же Ислам сегиздиги 1997-жылы Стамбулда Түркиянын премьер-министри Нежметтин Эрбакандын (1996-1997) демилгеси менен түзүлгөн. Ага Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирет.

Жыйында сөз сүйлөгөн Ирандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Али Багери израилдик оккупация толук жок кылынмайынча жана өзөктүк куралсыздандырылмайынча Батыш Азияда тынчтык, туруктуулук жана толук жана чыныгы коопсуздук орнобой турганын билдирди.

Соңунда ал Палестина маселесин чечүү боюнча бир катар сунуштарды берди:

  • «Палестинага байланыштуу “D-8” уюмунун колдоо программасын» түзүү. Бул программа Палестинаны өнүктүрүү жана кайра куруу муктаждыктарына уюмдун мүчөлөрүнүн жамааттык салымдарын жана салымдарын камтышы мүмкүн;
  • Газаны кайра куруу боюнча эл аралык конференция өткөрүүдө “D-8” уюмун колдоо жана ислам өлкөлөрүнөн каржылык жардам чогултуу үчүн ислам фондун түзүү;
  • Газа секторуна каршы согушту токтотуу жана аймакка эл аралык гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча эл аралык аракеттерде ИКУнун Байланыш тобун коштоп жүрүү үчүн “D-8” байланыш тобун түзүү;
  • Израиль менен ар кандай саясий, экономикалык жана соода мамилелерин токтотуу;
  • Геноцид, согуш кылмыштары жана адам укуктарын жана эл аралык гуманитардык укуктарды одоно бузгандыгы үчүн баскынчы сионисттик режимдин армиясын жана анын коопсуздук органдарын «террордук уюмдар» деп таануу керек;
  • Израилдин режимин апартеид субъектиси катары таанууда жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын  3379 резолюциясын жандандыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракетинде “D-8” уюмун колдоо;
  • Палестинанын улуттук биримдигине жетишүү үчүн Палестинанын бардык топторун камтыган ар тараптуу палестиналык диалог өткөрүүнү ошондой эле согуш аяктагандан кийин Палестина аймактарын башкаруу жана шайлоолорду өткөрүү боюнча макулдашууну колдоо;
  • “Ислам сегиздик” тобунун талабы Израилдин эл аралык институттарга жана иш-чараларга мүчөлүгүн жана катышуусун токтотуу, анын ичинде бул режимди Париждеги Олимпиада оюндарына катыштырбоо;
  • Палестинага Эл аралык сот жана Эл аралык кылмыш сотунда жүрүп жаткан эл аралык укуктук кампанияларда укуктук колдоо көрсөтүү максатында “Ислам сегиздик” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен укуктук комитетин түзүү.

Аталган жыйынга Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери, Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди, Малайзиянын тышкы иштер министри Мухаммад Хасан, Бангладештин социалдык жактан камсыз кылуу министри Дипу Мони, Египеттин жана Нигериянын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү катышты.

Топтун өкүлдөрү кабыл алган жыйынтыктоочу декларацияда “D-8” өлкөлөрү Израилдин Газаны оккупациялоосун айыптап, ок атууну тез арада токтотууну, аймактан аскерлерди чыгарууну, анклавга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылууну, ошондой эле Израилдин Эл аралык соттун чечимин аткаруусун талап кылышты.

Комментарий жиберүү