Песков: Германиянын Россия менен согуш тууралуу билдирүүлөрү – НАТО менен ЕБге жагыш үчүн жасаган аракети

Немис бийлигинин Россия менен согушка даярдык көрүү боюнча билдирүүлөрү – Брюссель менен Вашингтонго жагыш үчүн жасаган аракети.

Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маегинде билдирген, анын үзүндүсүн журналист Павел Зарубин Telegram каналына жарыялады.

“Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суверендүүлүк менен өз алдынчалуулуктун таңкыстыгынан ар дайым чоң көйгөйлөргө туш болуп келди. Бул таңкыстыктан кийин Германиянын бийлиги албетте Брюсселге, “Вашингтондук парткомуна” жана НАТОдогу Столтенбергге да жагууга аракет жасайт”, – деген Песков.

Ал буга байланыштуу немис бийликтери кантип бөлүнүп-жарылып жатканын элестетүүнү сунуштады.

“Ошондуктан Германия бийлиги ар түрдүү деңгээлдеги билдирүүлөрдү жарыша жасап жатат”, – деди Кремлдин өкүлү.

Өткөн аптада Греманиянын Коргоо министри Борис Писториус Германия 2029-жылга чейин Россия менен согушууга даярданышы керек деп билдиген.

Рф президенти Владимир Путин 5-июнда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда эл аралык ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугуп жатканда Россиянын НАТОго кол салууга ниети жоктугун дагы бир жолу белгилеген.

Анын айтымында, мындай акылга сыйбаган билдирүүлөрү менен Батыш мамлекеттери өз элин дүрбөлөңгө салып бийлигин, империялык үстөмдүгүн сактап калуу максатын көздөйт.

Комментарий жиберүү