“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 30-майда экинчи окууда колдогон.
Ал эми бүгүн 10-июндагы чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жыйынында үчүнчү окуудан колдоду.
Эми долбоор парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралып, колдоо таба турган болсо, бул мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап чет өлкөлүктөр Кыргызстандан мүлк сатып алса болот.
Бул мыйзам долбоорунун авторлору – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков. Демилгечилердин айтымына караганда, аталган мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартат. Ошондой эле, “жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга гана уруксат берилет” деп билдиришүүдө. Чет элдиктер сатып алууга мүмкүн болгон мамлекеттик обьектилердин катарына эс алуу зоналары, мейманканалар жана коттеждер кирет.
Бирок, аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин мүчөсү Султанбай Айжигиов каршы болуп келет.