Бишкектеги кинотеатрда Ирандын тасмалары акысыз көрсөтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 11-15-июнь күндөрү Бишкекте экинчи “Бишкек эл аралык кинофестивалы” (БЭКФ) өтөт. Беш күнгө созулган фестивалга 20дан ашуун өлкөдөн 70тей коноктун келиши жана 200дөн ашык кино ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Анын алкагында, Иран киносунун жумалыгы да өтөт.

“Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборборунан маалымдашкандай, көрүүчүлөргө Ирандын төрт көркөм жана бир анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Алар «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик каттоо күбөлүктөрүн алышкан.

Тасмалар Бродвей кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.

Көрүүчүлөргө Ирандын төмөнкүдөй тасмалары тартууланат:

  • 12-июнь, саат 13:00дө “Алдын ала макулдашпай” реж. Бехруз Шойаби, драма, Иран, 2022, 120’;
  • 14-июнда, саат 10:30да “Дельфин бала” реж. Мохаммад Хайрандиш, (анимациялык тасма) Германия/Түркия/Иран, 2022, 90’;
  • 13-июнда, саат 10:30да “Капитан” реж. Мохаммад Хамзеи, 2023;
  • 13-июнда, саат 13:00дө “Экинчи курстагы жашоом” реж. Расул Садр Амели, драма, Иран, 2019;
  • 14-июнда, саат 13:30да “Кыздар отряды” реж. Монир Гейди, драма, Иран, 2022;

Комментарий жиберүү